Эмгек министрлигинин соцмекемелеринде 2 399 жаранга кызмат көрсөтүлөт

Коом Загрузка... 25 Сентябрь 2025 14:45
486489494_1092189999617339_2009124767600044732_n.jpg
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 17 социалдык стационардык мекемесинде 2 399 жаранга кызмат көрсөтүлөт.

Ведомстводон маалымдашкандай, аталган мекемелер республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.

Бүгүнкү күндө, стационардык мекемелерде жалпысынан 2 399 кызмат алуучу бар. Анын ичинен улгайган жарандардын жана майыптуулугу бар жарандардын саны – 504.

- Б. Салиева ысымындагы Төмөнкү-Серафимовкадагы улгайган жана майыптыгы бар жарандар үчүн ССМинде – 289 адам;

- Бакай-Атадагы жалпы типтеги улгайган жана ДМЧ жарандардын ССМинде – 78 адам;

- Сүлүктүдөгү жалпы типтеги улгайган жана майыптыгы бар жарандар үчүн ССМинде – 15 адам;

- Сузактагы улгайган жана майыптыгы бар жарандардын жалпы типтеги ССМинде – 97 адам;

- Токтогулдагы жалпы типтеги улгайган жана майыптыгы бар жарандардын "Кара-Каш" ССМинде – 25 адам.     

Министрлик социалдык мекемелерди стационардык жардамга муктаж жарандардын ыңгайлуулугун камсыз кылуу боюнча иштерди улантууда.