Эмгек министри Таластагы социалдык мекемелердеги шарттарды текшерди

Аймак Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 16:20
WhatsApp Image 2026-07-31 at 16.00.45.jpeg
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Талас облусундагы социалдык стационардык мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр Бакай-Ата районундагы улгайган жарандар жана майыптыгы бар адамдар үчүн жалпы типтеги социалдык мекемеге, ошондой эле Покровка айылындагы аралаш психоневрологиялык социалдык стационарга барды.

Сапардын жүрүшүндө мекемелердеги жашоо шарттары, медициналык коштоо, тамак-аштын сапаты, материалдык-техникалык камсыздоо жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээли каралды.

Канат Сагынбаев социалдык колдоого муктаж жарандар үчүн коопсуз жана татыктуу шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи.

Министрликке караштуу учурда өлкө боюнча 17 социалдык стационардык мекеме иштеп, анда 2443 жаран туруктуу социалдык жардам жана камкордук алууда. Талас облусунда мындай эки мекеме иш алып барат.