Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо системасы 60 жылдан ашык убакыттан бери коопсуз жана текшерилген вакциналарды ийгиликтүү колдонуп келет. Ал эми, эмдөө сасык тумоонун алдын алуунун эң натыйжалуу жолдорунун бири. Бул тууралуу Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борбору маалымдайт.
Адистердин айтымында, дүйнө жүзүндө сасык тумоого каршы эң көп колдонулганы — бул ийне (укол) менен сайылуучу вакциналар. Дени сак чоң кишилер үчүн эмдөө, ал тургай жайылып жаткан вирустар вакцинанын штаммдарына толук дал келбеген учурда да ишенимдүү коргоону камсыз кылат. Кары-картаңдарда эмдөө оорунун алдын алууда анча натыйжалуу болбошу мүмкүн, бирок ал оорунун өтүшүнүн оордугун, татаалдашуу коркунучун жана өлүмгө алып келүүчү натыйжаларды кыйла төмөндөтөт.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дарыгердин кеңешинен кийин төмөнкү адамдарга жыл сайын эмдөөдөн өтүүнү сунуштайт:
- кош бойлуу аялдарга (мөөнөтүнө карабастан);
- 6 айдан 5 жашка чейинки балдарга;
- 65 жаштан ашкан кары адамдарга;
- өнөкөт оорусу барларга;
- саламаттык сактоо кызматкерлерине.
Вакцинация жана вируска каршы дарылоодон тышкары, адистер жеке коргонуу чараларынын маанилүүлүгүн белгилешет. Аларга төмөнкүлөр кирет:
- колду дайыма самындап жууп, жакшылап кургатуу;
- респиратордук гигиенаны сактоо;
- сасык тумоонун белгилери пайда болгондо өз убагында обочолонуу;
- оорулуулар менен тыгыз байланышта болбоо;
- жуулбаган кол менен көздү, мурунду жана оозду кармабоо.