"ЭлКат": Интернет-трафикти жеткирүүнүн эл аралык каналдары штаттык режимде иштөөдө

Коом Загрузка... 25 Сентябрь 2025 14:55
WhatsApp Image 2025-09-25 at 14.57.16.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. Интернет-трафикти жеткирүүнүн эл аралык каналдары штаттык режимде иштөөдө. Бул тууралуу "ЭлКат" ЖЧКсынан "Кабар" агенттигине билдиришти.

Компаниянын маалыматы боюнча, өлкөдө интернеттин үзгүлтүккө учурашын эл аралык трафикке убактылуу монополиянын киргизилиши менен байланыштырылып жатат. Бирок бул жаңылыштык жана реалдуу кырдаалды чагылдырбайт.

Ошондой эле компаниядан белгилешкендей, президенттин жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасындагы эл аралык интернет-трафикти жеткирүү рыногу бүгүнкү күндө убактылуу монополияга өтө элек.

Учурда байланыш жана маалыматтарды берүү операторлору менен консультациялар жана биргелешкен иштер жүргүзүлүп жатканы, бул чаралар үзгүлтүксүз өтүүнү камсыз кылууга, атаандаштык чөйрөнү сактоого жана керектөөчүлөргө сапаттуу кызматтарды көрсөтүүгө багытталгандыгы айтылды.

"Учурда интернет-трафикти жеткирүүнүн эл аралык каналдары штаттык режимде иштеп жатат. Ошол эле учурда компания өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча пландуу иштерди жүргүзүүдө, бул өлкө боюнча колдонуучулар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртат.

Компания бардык маанилүү тармак компоненттерине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүдө. Компаниянын мониторинг жана техникалык колдоо кызматтары ар кандай четтөөлөрдү аныктоо үчүн заманбап куралдарды колдонуу менен күнү-түнү иштейт. Бардык системалар кечиктирбестен жана жоготууларсыз интернеттин үзгүлтүксүз агымын камсыз кылуу менен ишенимдүү иштеп жатат", - деп белгилешти компаниядан.

Ошондой эле "ЭлКат" ЖЧКсы шаардын инфраструктурасын оңдоо жана курулуш иштеринин жүрүшүндө маал-маалы менен кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр катталып жатканын кошумчалады.

"Мындай жагдайлардын баары тез арада чечилүүдө жана эл аралык интернет-трафиктин жеткиликтүүлүгүнө системалуу таасирин тийгизбейт" , - деп билдирет компания.