Элеттиктерди китеп сүйдүртүп, аялдарды зомбулуктан коргогон апа

Аймак Загрузка... 08 Март 2026 15:30
WhatsApp Image 2026-03-08 at 15.23.56.jpeg
copyright icon Кабар

Кайыр Жайлообекова

Бардык материалдар

Тоо койнунда жаткан Нарында өзгөрүүгө карай кадам таштаган, өзгөлөрдүн дагы ар тараптан өзгөрүшүнө себепчи болгон күчтүү айым бар. Ал мугалим, коомдук ишмер жана үч жолку депутат Мыскал Байгазиева. 6 баланы тарбиялап, 18 небере, 2 чеберенин чоң энеси болсо да, коомдук иштерден алыстаган эмес. Ал 20га жакын долбоор жазып, айыл элинин жашоосуна жаңы дем берген.

Мыскал Байгазиева, Нарын облусунун Оттук айылынын тургуну, коомдук ишмер:

“30 жылдан ашык мугалим болуп иштедим. Андан кийин “Элет айым” деген коомдук бирикме ачып, аялдар үчүн тигүүчү машиналарды алып берип, мончо салдырттык, айылдын суу кетүүчү каналын оңдоттук, айылга клуб салдырттык. Кийинки убактарда аялдардын укуктары тебелене баштады. Ажырашкан аялдар күйөөсү менен бирге тапкан оокат жайына ээ боло албай, төркүндөн келген төрт төшөгү менен көчөдө калышат. Ошол маселелер боюнча аялдарды көп окуттум”. - деди ал.

Бирок жазган долбоорлорунун ишке ашуусу оңойго турган эмес. Мыскал Байгазиева ар бир демилгесин өжөрлүккө салып ишке ашырып келерин айтат. Анын эң чоң долбоорлорунун бири — айылдык китепкана. Бүгүн бул жерде анын айланасына бириккен аялдар гендердик теңчилик, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана өз укуктарын билүү боюнча билим алышууда. Көптөгөн демилгелер дал ушул өзү негиздеген китепканада өтөт.

WhatsApp Image 2026-03-08 at 10.50.35 (3)

“Эл ичинде азыр китепкананын эмне кереги бар, маалыматты интернеттен деле алабыз деп каршы чыккандар болду. Мамлекеттик органдар тарабынан да, бир нече жыл колдоо болбой жүрдү. Кийинчерээк негизги кесиби мугалим болгон айыл өкмөт келди. Жер маселесин да ошол адам чечти. Байым экөөбүз тең мугалим болуп жүрүп пенсияга чыкканбыз. Үйдөгү болгон китепти алып барып бердик. Коңшу-колоң, тааныш-билиш, айтор кайсы жерге барбайын китеп сурап олтуруп, 2000ди чогултуп, бюджетке киргиздим”, - деп айтты ал.

Мыскал апа учурда 75 жашта. Анын айланасына чогулган аялдар өз укуктарын билип, коомдук турмушка активдүү аралаша баштаган. Китепканада өткөн ар бир жолугушуу — өзгөрүүгө карай кадам дейт ишмер айым. Коомдук көйгөйлөрдү чечүүдөн тышкары, Мыскал апа бир айылдын элин китепке жакындата алды. Бүгүн Оттук айылынын китепканасында окурман келбей калган күн дээрлик жок.

WhatsApp Image 2026-03-08 at 10.50.35

“Биздин айылдын китепканасы эч убакта ээнсиреп турбайт. Айына бир жолу китеп окуу күндөрүн өткөрүп турабыз. Үй бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча семинар өткөрүп турабыз. Чакан китепканабызда республикалык деңгээлде дагы иш-чаралар өткөрүлөт”, - деп белгиледи Мыскал Байгазиева.

WhatsApp Image 2026-03-08 at 10.50.36.jpeg

Элеттин кыйын айымы салдырган китепкана жөн гана билимдин булагы эмес — бул өзгөрүүгө ишенген, өнүккөнгө даяр адамдардын жолугушкан жери. Ал эми ошол өзгөрүүнүн башында дал ушул Мыскал Байгазиева турат.