Борбордук китепканада балдар үчүн жайкы ийримдер ачылды

Коом Загрузка... 17 Июнь 2026 09:30
307c8142-9d6d-402f-bc99-a9d7c039c029.jpg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Бишкектеги Т. Касымбеков атындагы борбордук китепканада балдар үчүн жайкы ийримдер ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, балдар китепкананын базасында өткөрүлүүчү чыгармачылык, билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактарга катыша алышат.

Жайкы ийримдер каникул убагында күн сайын саат 09:00дөн 17:00гө чейин иштейт.