Изилдөө: Электросамокат айдагандар эмнеге көбүрөк жабыркайт?

Ден соолук 38 11 Август 2026 09:30
736182169_3896344560508714_4515562682087718215_n.jpg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Электросамокат колдонгондор велосипед жана мотоцикл айдагандарга салыштырмалуу баш мээси жана ички органдары жабыркаган оор жаракаттарды алуу коркунучуна көбүрөк туш болушат. Бул жаңы изилдөөдө аныкталган.

Чет элдик ЖМКлардын маалыматына караганда, электросамокат айдагандардын мотоцикл айдагандарга салыштырмалуу баш мээ жаракатын алуу коркунучу 3,5 эсе, ички органдардын жабыркашы 1,5 эсе, ал эми кан тамырлардын жабыркашы 3,2 эсе жогору.

Изилдөөнү британиялык адистер 15 миңден ашуун бейтаптын маалыматтарын талдоонун негизинде жүргүзүшкөн. Алардын арасында 580 электросамокат колдонуучу, 7 миңден ашуун мотоциклчи жана 7 740 велосипедчи болгон.

Ошондой эле электросамокат айдагандардын онунан көбү балдар экени аныкталып, алардын болгону 5,9 пайызы коргоочу баш кийим колдонгону белгиленген.

Ошол эле учурда электросамокат айдагандардын сынык алуу коркунучу мотоциклчилерге караганда 20 пайызга, велосипедчилерге салыштырмалуу 10 пайызга төмөн болгон.

Изилдөөчүлөр Улуу Британияда электросамокаттар барган сайын кеңири колдонулуп жатканын, бирок алардан алынган жаракаттар тууралуу маалыматтар дагы эле жетишсиз экенин белгилешкен.