Электр зымдарынан STEM кабинеттерине чейин: Нарында №4 мектеп толук жаңыланууда

Аймак Жүктөлүүдө... 15 Июль 2026 10:45
747913433_1576972677278699_4332328610015180844_n.jpg
746269625_1751196569369150_5356595284629128386_n.jpg
747862805_2015979162347035_453228373301185493_n.jpg
748134016_2293095848111339_6986869477410352181_n.jpg
Алдыга
Артка
747913433_1576972677278699_4332328610015180844_n.jpg
746269625_1751196569369150_5356595284629128386_n.jpg
747862805_2015979162347035_453228373301185493_n.jpg
748134016_2293095848111339_6986869477410352181_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Нарын шаарындагы №4 инновациялык мектепте капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, аталган жалпы билим берүү мекемеси 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында тандалып алынган 53 инновациялык мектептин бири болуп саналат.

Белгилей кетсек, инновациялык мектептер жаңы мамлекеттик билим берүү стандарттарын ишке ашыруунун, STEM-билим берүүнү өнүктүрүүнүн, санариптик технологияларды кеңири жайылтуунун жана мектептер аралык кызматташууну чыңдоонун негизги аянтчасы болуп эсептелет.

"Учурда мектепте капиталдык оңдоп-түзөө иштери белгиленген графикке ылайык кызуу жүрүп жатат. Имараттын биринчи, экинчи жана үчүнчү кабаттарындагы дубалдардын эски катмары толугу менен тазаланып, сырдоогө даярдалды. Полдор демонтаждалып бүтүп, электр зымдары толугу менен жаңыртылды. Ошондой эле спорт зал, жыйындар залы STEM-кабинеттерин жаңылоо иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Мектеп директору Кыдырбек Орозалиевдин айтымында, инновациялык мектеп макамы билим берүү сапатын жогорулатуу менен катар мектепти башкаруунун жаңы ыкмаларын киргизүүгө, жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарттарын ишке ашырууга жана кластердик мектептер менен тыгыз кызматташууну өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Жыл соңуна чейин Агартуу министрлиги тарабынан мектеп STEM сабактары үчүн заманбап лабораториялык жабдуулар, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана жаңы эмеректер менен камсыздалат.

Бул окуучулар үчүн практикага багытталган, заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүүгө кеңири мүмкүнчүлүк берет.