Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Жумабек Салымбеков электр энергиясын 3-5 кВт/саат көлөмүндө керектөөгө коюлган чектөөлөр качан алынарына кызыкты.
Анын айтымында, ага үй шартында иштеген майда ишкерлер кайрылышууда. Депутат белгилегендей, учурдагы чектөөлөр Бишкекте гана эмес, аймактарда да чакан бизнестин бир бөлүгүнүн жабылышына алып келди.
Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов чектөөлөрдү алып салуу боюнча чечим күз-кыш мезгили аяктагандан кийин, электр энергиясын керектөөнүн режимине жана көлөмүнө жараша кабыл алынарын билдирди.
"Азыркы тапта түнкүсүн абанын температурасы нөлдөн төмөн болуп жатат. Март-апрель айларынын жыйынтыгы менен чектөөлөрдү алышыбыз мүмкүн. Азырынча так мөөнөтүн айта албайм", — деп белгиледи Керимов.