Элдин мамлекеттик кызматтарды алуусу жеңил болушу керек — Карашев

Коом Загрузка... 05 Июнь 2025 19:53
WhatsApp Image 2025-06-05 at 14.02.26.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек 05.06.25 /Кабар/. Карапайым элдин мамлекеттик кызматтарды алуусуна жакшы шарттар түзүлүшү керек. Бул тууралуу мурдагы премьер министр Аалы Карашев “Кабар” маалымат агенттигинин “Талдоо time” көрсөтүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү” өлкө башчынын жарлыгы калктын жашоо шартын жана мамлекеттик кызматтарды пайдалануусун жеңилдетүүгө багытталышы керек.

“Биз алдыбызга калкка кандай кылсак жеңил болот деген башкы маселени коюшубуз керек. Ошол эле паспорт алабы, справка алабы булардын баары жарандарга жеңил болуусу шарт. Анан жарандар арасында жыл сайын эле бул маселе көтөрүлүп келет, бирок бул жолу деле ар дайымкыдай эле чечилбейт деген ой калыптанып калбашы керек”,-деди ал.

Карашев белгилегендей, жаңы реформаны ишке ашырып жатканда мамлекеттик кызматкерге жеңил болсун деп эмес, кызмат алып жаранга кандай болгондо ыңгайлуу шарт түзүлөт деп анализ жүргүзүү керек.