Элдик курултайдын мааниси жана ага артылган үмүт

Элдик курултай Загрузка... 16 Декабрь 2025 17:50
WhatsApp Image 2025-12-16 at 15.12.26.jpeg

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Борбор Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин ичинен Элдик курултай жалгыз гана Кыргызстанда конституциялык мыйзамдын негизинде иштеген орган. Буга чейин үч жыл катары менен өткөрүлүп, формасы жана мазмуну тартипке салынып, маданияттуу жана заманбап форум стилине өттү. Курултайда өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган стратегиялык, идеологиялык маселерге байланыштуу сунуштарга, чечимдерге басым жасалышы керектиги белгиленип келет. Буга чейинки курултайларда делегаттар тарабынан көбүнесе социалдык көйгөйлөр гана көтөрүлүп келген.

Быйыл IV Элдик курултай 25-26-декабрда Бишкек шаарында өтөт. Бул ирет уюштуруучулар мамлекеттик деңгээлдеги маселелер көтөрүлөт деп үмүт артууда.

“Президенттин кайрылуусунда Кыргызстандын, жалпы коомчулуктун ички жана тышкы саясаты жөнүндө кеңири маселе көтөрүлөт. Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын баяндамасында дагы ири маселелер ортого салынып, талкууга коюлушу күтүлүүдө”, - дейт уюштуруу комитетинин мүчөсү Болот Исаев.

Жыйынга 231 айыл аймактан жана 33 шаардан жалпы 700 делегат шайланган. Делегаттардан өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган ири программалар, стратегиялык документтерге карата орчундуу сунуштар күтүлөт.

Курултайдын мааниси

Элдик курултайдын мааниси көчмөн мезгилдерде эле терең болгон. Парламент же башка аткаруу органы жок андагы эл өз көйгөйлөрүн алгач өз аймагында талкуулап, андан соң делегаттар бул маселени чоң курултайда көтөрүп, акыркы чечимдер ошол жерде кабыл алынган.

Курултайдын масштабы Кыргызстан эгемендикти алган алгачкы жылдары да сакталган. Алсак, 1992-жылы өткөн “Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк Биринчи курултайына” дүйнө жүзүндө жашаган кыргыз жамааттарынын лидерлери катышкан. Анда экономиканы өнүктүрүү, улуттук кайра жаралуу, маданий деңгээлди жогорулатуу сымал чоң суроолор коюлган.

1994-жылы кайрадан “Кыргызстан калкынын Биринчи курултайы” өткөн. Ага өлкөдө жашаган кырктан ашуун улуттун өкүлдөрү катышып, жыйынтыгында улуттар аралык ынтымакка чакырган декларация кабыл алынган. Анда көтөрүлгөн маселелердин бири кыргыз тилинин өнүгүшү жана анын келечеги болгон.

Ошентип, Элдик курултайды өткөрүү 2021-жылы чоң талкуу менен Баш мыйзамга киргизилди. Курултайга - элдин мүдөөсүн билдирүү, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган стратегиялык маселелер боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана коом менен бийлик органдарынын арасындагы кайтарым байланышты камсыздоо милдети жүктөлдү.

Элдик курултай буга чейин 3 жыл катары менен өтүп “баары ачык айтылып, эч кандай чек коюлган жок” деп айтылган менен, “айрым делегаттар өтө майдаланып, сунуштар өз айылынын деңгээлинен чыккан жок, президентке арыздануу жыйыны” болду деген сөздөр айтылды.

Белгилей кетүүчү жагдай, Элдик курултай мамлекетке конституциялык институт катары кирип, мамлекеттик башкарууга катышпаса да, бийликтин ишмердигине көз салуучу, чечим жолдорун иштеп чыгуучу саясий система катары орду бар экенин унутпоо керек.

Элдик курултай Баш мыйзамга - коомдун өнүгүү багыттары, коомду жана мамлекетти социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча маанилүү маселелерди чечүү, жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоо, жарандык коомду өнүктүрүү жана руханий-идеологиялык маселелер боюнча сунуштамаларды бере турган кеңешүүчү, байкоочу коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын деген аныктама менен киргизилген.

Элдик курултайга мамлекеттик жана улуттук деңгээлдеги, руханий, маданий баалуулуктар, ички жана тышкы саясат, улуттук нарк-насил, ынтымакты арттыруу, коопсуздук, миграция, тил маселесин чечүү сымал ири маселелер коюлушу керектигин эксперттер да бир ооздон белгилешет.

Тарых илимдеринин доктору Табылды Акеров буга чейин 2023-жылдагы курултайдын делегаты болгон. Алдыда өтө турган төртүнчү Элдик курултайга өкүл катары катышат. Элдик жыйындын коомдогу ролун бекемдөө боюнча сунуштарын камдап койгон. Айтымында курултайдын мазмунун байытуу үчүн бир нече жаңы жагдайларга көңүл буруу керек.

Табылды Акеров – тарых илимдеринин кандидаты, 4-курултайдын делегаты:

“Жогорку Кеңештин бул чакырылышында эл өкүлдөрү бир мандаттуу округдардан шайланып келди. Демек, калк арасындагы социалдык маселелер парламентте көтөрүлүшү керек.

Мындан сырткары “айылда бала бакча жок, суу чыкпайт” сымал көйгөйлөрдү чечүү – өкмөттүн иши. Аларды өкмөт каражаты менен дараметине жараша пландуу түрдө өзү эле аткарат.

Элдик курултай коомго пайдасын алып келе турган ири маселелерди талкуулап, алардын чечүү жолдорун сунуштоосу шарт. Мисалы, жакында Ысык-Көл облусундагы мыкаачылык менен коштолгон оор кылмышты алалы (ред., 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын окуясы). Шектүү ага чейин зордуктоо жана өлтүрүү боюнча 7 кылмыш үчүн бир нече жолу кармалып, бирок, соттордун чечими менен кайра эркиндикке чыгыптыр. Мына ушул коомдун үрөйүн учурган окуяларда сот системасынын ишмердиги, аны реформалоо, ошондой эле укук коргоо органдарындагы маселелерди чечүү жолдору жалпы Элдик курултайдын талкуусуна коюлушу керек”, - дейт Акеров.

Курултайдын пайдасы жана делегаттардын жоопкерчилиги

Буга чейин өткөрүлгөн жыйындарда көтөрүлгөн маселелерди комитет төмөнкүдөй топторго бөлгөн.

  • Айыл чарбасы;
  • Транспорт;
  • Эл агартуу;
  • Билим берүү;
  • Саламаттык сактоо;
  • Укук коргоо.

Бул багыттагы сунуш-талаптар кандай деңгээлде аткарылып, өкмөт элдин пикири менен канчалык эсептешип иш жүргүзүп жаткандыгы Элдик курултайда өкмөт тарабынан берилген отчетто белгилүү болот. Буга чейинки жыйындарда президент Садыр Жапаров делегаттардын суроо, сунуш жана талаптарын ошол эле жерден тийиштүү министрликтерге тапшырма катары бергенине күбө болгонбуз.

Чындыгында аткаруу бийлиги үчүн Элдик курултай - аймактардагы калктын үнүн жакындан угуу үчүн мүмкүнчүлүк. Ал эми президент үчүн жарандар менен түз байланышты чыңдоонун жолу жана өлкөнүн өнүгүүсүндө элдик демилгелерге таянууга себеп. Курултайдын ишмердиги чыңдалып, өнүгө турган болсо, мамлекеттик саясат үчүн да таасирдүү орган деңгээлине чыгары бышык.

Буга чейинки элдик жыйындардын тажрыйбасы делегаттардын компетенттүүлүгү боюнча маселени ачыктады. Өкүлдөр айыл активдери эле эмес, улуттун жыйынынын делегаты экенин да эске алуусу керек. Бул үчүн аймактардын жашоочулары делегат катары тажрыйбасы мол, акылман аксакалдарды, билими терең кесипкөйлөрдү, жаратман жана жаңы көз караштагы жаштарды тандоосу шарт. Алар жер-жерлердеги көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун мамлекеттик маанилүү долбоорлор, стратегиялык документтердин, өнүктүрүү программаларынын алкагында таамай белгилей алышат.

Элдик курултайдын масштабы өткөн-кеткенди, утурумдук пландарды талкуулоо, президенттин, министрлердин отчету менен эле чектелбесин эске алуу зарыл. Кыргызстандын алдыңкы 20-30 жылга койгон пландары, дүйнөдө болуп жаткан каатчылыктар, технологиялардын тездик менен өнүгүүсү жана дүйнөдөгү мүнөт сайын өзгөрүүлөр шартында кандай жолду тандайт? Канткенде туруктуулугун жана өнүгүүсүн сактап кала алат? Жыйында мына ушундай суроолорго да жооп издөө зарылчылыгы турат.

Кундуз Азарбекова, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги