Делегат: Таштандыдан электр энергиясын өндүрүүчү завод Япониядагыдай таасир калтырды

Элдик курултай Загрузка... 25 Декабрь 2025 11:15
WhatsApp Image 2025-12-25 at 11.14.38.jpeg
copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.12.25 /Кабар/. Таштандыдан электр энергиясын өндүрүүчү завод Япониядагыдай таасир калтырды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Нарын облусунун Ак-Талаа районунан келген делегат Чолпон Ырысбаева билдирди.

“Курултайга биринчи жолу катышып жатам. Кечээ таштандыдан электр энергиясын өндүрүүчү заводго барып келдик. Өзүмдү Японияда жүргөндөй сездим. Абдан сонун жасалыптыр. Президент Садыр Жапаровго биринчи кезекте ыраазычылык билдирем. Бул элдин камын ойлогонунун, мамлекеттин бакубат келечегине болгон кам көрүүнүн ачык далили",— деди ал.

Ошондой эле ал министрлердин делегаттар менен ачык сүйлөшүп, элдин сунуштарын жакшы кабыл алганын кошумчалады.

"Кечээ министрлерге кайрылуубузду жөн эле тапшырып койбостон, айрым маселелерди жеринде чечүүгө жетиштик. Калгандары дагы чечилет деген үмүттөбүз", — деди ал.