Экологиялык коопсуздук, энергетикалык көз карандысыздык, мамлекеттик кызматты паракорлордон тазалоо жана тартипти күчөтүү, орто жана чакан бизнести колдоо, үй-бүлөнүн бүтүндүгүн, анын ар бир мүчөсүнүн кол тийгистигин коргоо. Президент Садыр Жапаровдун IV Элдик курултайдагы кайрылуусу мамлекетте болуп жаткан жетишкендиктерди эле эмес, өлкө үчүн маанилүү болгон кооптонууларды да камтыды. Өлкө башчысы “Жаңы Кыргызстанды” кандай талаптарга жооп бериши керектигин белгиледи. Президенттин кайрылуусун биринчи кезекте 2025-жылда аткарылган социалдык-экономикалык иштердин алдын ала жыйынтыгы деп бааласа болот. “Бийлик менен элдин ортосундагы ишенимдин тирөөчүнө айланып бара жаткандыгынын бирден-бир далили мамлекеттик бийлик эл менен кеңешип, алардын талаптарына көңүл буруп чечим чыгарууда” деген сөзү менен мамлекет башчысы Элдик жыйындын саясий маанисин, эл жана президент менен “түз байланыш” моделининин маанисин мурдагыдан да жогорулатты.
Темирдей бекем укук тартиби. Буга чейин укук коргоочулар Элдик курултайда жамы журтту сестендирген зордук-зомбулук, үй-бүлөдөгү балдарга, аялдарга карата мыкаачылык окуяларына бөгөт кое турган сунуштар ортого салынса деген ойлорун айтып келишкен. Маселе бул жолу мамлекет башчысынын кайрылуусунда баса белгиленди. Садыр Жапаров кылмышкерди эч бир мыйзам, эч бир шарт да, салт да актабашы керектигин эскертти. Чындыгында, үй-бүлөлүк зомбулук жыл сайын күчөп жатканын ачык маалыматтардан көрсөк болот. Алсак, 2019-жылы үйдө зомбулук көрсөтүү фактысы менен коргоо ордери 6 миң 145 адамга берилсе, 7 жыл ичинде эки эсе көбөйүп, быйыл 12 миң 756 адамга ордер тапшырылган.
“Балдардын укугун коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова президент Садыр Жапаровдун көйгөйдү Элдик курултайга чыгарганы абдан маанилүү болгонун бегиледи. Укук коргоочунун пикиринде учурда иштин баары жалгыз гана милиция кызматкерлерине жүктөлүп калды.

“Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу үчүн социалдык кызматкерлер жөнүндө мыйзамды ишке киргизип, ар бир айыл өкмөткө бирден соцкызматкер бекитип берүү керек. Алар айылда кайсы үйдө коркунуч бар экенин билишет. Барып, жеке план түзүп, кооптуулуктун деңгээлин баалап, жергиликтүү инспектор менен иштешет. Ошондой эле Пробация департаменти аркылуу тарбиялап, коррекция кылса болот. Башкысы, өлтүргөнгө жеткирбеш керек.
Учурда калктын аялуу катмары менен иштешип, майыптарга жардам берген 900дөн ашуун соцкызматкер бар. Мындан сырткары, өткөн жылы президенттин жарлыгы менен балдардын укугун коргоо үчүн 550 соцкызматкер киргизилген. Бирок бул абдан аз. Элдин дээрлик 37%ын балдар түзөт жана алар менен алып барчу иштер толтура. Мындан сырткары аялдардын укугун коргой турган соцкызматкерлер керектигин коомдогу көрүнүштөр өзү эле көргөзүп жатат”- дейт Назгүл Турдубекова.
Социалдык сферага колдоо. Мугалимдер менен дарыгерлердин маянасы 100% көтөрүлө турганы коомчулук үчүн президенттин эң жакшы кабары болду. Эске салсак, 2010-жылдары педагогдор менен дарыгерлердин айлыгы 5000-7000 сомдун тегерегинде болчу. 2017-жылкы көрсөткүч жалпысынан 9000-13 000 чегинде эле. Ал эми 2023-2025-жылдар 24 000 - 40 000 сом алгандар бар. Көз карандысыз медициналык профсоюздун төрайымы Бермет Барыктабасова тармактагы эң көйгөйлүү маяна маселеси чечилип жатканы жакшы белги деп баалады.

“Эми уурдатпай көзөмөлдөп туруш керек. Көрсө, буга чейин эсепчилер, жетекчилер билгизбей көп эле уурдашыптыр да. Алардын баары эми билинип жатпайбы. Алгач, маяна 50% жогорулайт дешти, эми 100% көтөрүлөрү Элдик курултайда жар салынды. Биз абдан сүйүнүп жатабыз. Кийинки маселе дарыгерлерди үй менен камсыз кылуу. Азыркы эреже боюнча жаштар айылдарга барып иштеши керек. Алар өз айылдарында калуусу үчүн үй, жер менен камсыздоо зарыл. Мамлекеттик ипотекалык компания аскер кызматкерлерине 4% менен батир берет. Дарыгерлердикин да ошол чек менен камсыздаса жакшы болмок. Жаңы келген министр да жакшы иштеп жатат, 30 жылда бүтпөй жаткан айрым иштерди 2 жумада жасап койду”, - дейт эксперт.
Өлкө башчысынын кайрылуусундагы башка орчундуу маселелерге токтолсок, коррупция менен күрөштүн натыйжасында паракорлуктун деңгээли 80%дан 30%га түшкөн. Садыр Жапаров бул чек эмес экендигин белгиледи. Өзгөчө сот тармагындагы паракорлукка токтолуп, эми пара алган кызматкер менен кошо пара берген жаран да жоопкерчиликке тартыларын эскертти. Ошондой эле көмүскө экеномиканы ачыктоо да өз натыйжасын берүүдө.
Садыр Жапаров экологиялык коопсуздукка да токтолуп, Ысык-Көлгө куйган суулар кыйла азайганы (110 дарыдан 30-35 дарыя калган), мөңгүлөрдүн эриши Кыргызстан эле эмес, жалпы Борбор Азияга коркунуч алып келерин белгиледи. Кыргызстан региондо “суу башы” экенин эске алганда, жагдайды чечүүдө негизги ролду ойнору турган иш.
Мамлекет башчысы экономикалык туруктуулук орноп жатканын ИДПнын өсүшү, 2035-жылга чейин тышкы карыздан кутулуу мүмкүнчүлүгү, улутташтырылган ири ишканалардын кирешесинин мамлекетке түшуп жатканы, чакан жана орто бизнеске көрсөтүлгөн сезилерлик колдоо, мамлекеттик тейлөөнү санариптештирүү менен түшүндүрдү.
Садыр Жапаровдун администрациясынын тарыхый жеңиши деп - Тажикстан менен чек аранын чечилгенин атаса болот. Буга чейинки жылдардагы курултайларда чек ара көйгөйлөрун чечүү башкы темалардын бири болсо, быйыл чечилген маселенин натыйжалары саналды. Алар, албетте коопсуздук, тынчтык жана коңшулар менен достук мамиле.
Жыйынтыктап айтсак, президенттин 2025-жылдагы курултай делегаттарына кайрылуусу каатчылыктан чыгуу иш-аракеттери менен катар өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган узак мөөнөттүү стратегиялык пландарды ишке ашыруу менен жүрүп жатканынан кабар берет. Бирок, алардын ишке ашуусу сот, укук коргоо тармагындагы реформалардан, кадрдык мыкты саясаттан, бизнести колдоо боюнча иш-чаралардын сапатынан, мамлекеттик баалуулуктарды сактап, өнүктүрүүдөн көз каранды.