"Элдик Банк" ААКтын төрагасы Уланбек Ногаев Бириккен Улуттар Уюмунун Борбор Азиядагы Глобалдык келишим тармагынын директорлор кеңешинин курамында Кыргызстандын атынан жалгыз өкүл болуп калды.
"Элдик Банк" башкармалыгынын төрагасынын мындай дүйнөлүк алкактагы кеңешке мүчө катары шайланышы - туруктуу өнүгүү принциптерин алдыга жылдырууда жана Кыргызстандын региондук жана глобалдык ESG-күн тартибиндеги позициясын бекемдөөдө "Элдик Банктын" көзгө басарлык иштерди аткарып жатканын белгилейт.
2025-жылдын 18-июнунда Алматы шаарында БУУнун Глобалдык келишиминин Борбор Азиядагы жергиликтүү кеңсеси расмий ачылган. Бул жаңы кеңсе Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү, Борбор Азиянын эл аралык абройду бекемдөө, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн аймактагы компанияларды бириктирген жооптуу бизнес үчүн алдыңкы аянтча болуп калмакчы.
2025-жылдын 27-августунда Борбор Азиядан БУУнун Глобалдык келишимине катышуучу-уюмдардын 100гө жакын өкүлдөрүн чогулткан Тармактын катышуучуларынын биринчи жалпы жыйналышы (Генералдык Ассамблея) өттү. Жыйналышта Глобалдык келишимдин аймактагы акыркы үч жылдагы иш-аракетинин жыйынтыгы чыгарылып, бул тармакты мындан ары өнүктүрүүгө карата көз караштар белгилүү болду.
Күн тартибиндеги негизги маселелердин бири директорлор кеңешин – Тармактын башкаруу органын түзүү болду. Добуш берүүнүн жыйынтыгында "Элдик Банк" ААК башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев кеңештин курамына мүчө катары кабыл алынды. Ошондой эле бул кеңештин курамына Казакстан менен Өзбекстандын ири компанияларынын жетекчилери да кирди.
Директорлор кеңеши стратегиялык жана көзөмөлдөөчү функцияларды аткарат: ал Тармактын ишинин артыкчылыктарын аныктайт, туруктуу өнүктүрүүнүн региондук күн тартибин түзөт жана эл аралык кызматташтыктын багыттарын аныктайт.
Кошумча маалымат.
БУУнун Борбор Азиядагы Глобалдык келишим тармагына төмөнкүлөр кирет:
- Умут Шаяхметова, JSC Halyk Bank;
- Серик Толукпаев, Aitas KZ JSC;
- Зафар Хашимов, FE Anglesey Food LLC;
- Эдгард Бо Шахин, Schneider Electric LLP Kazakhstan;
- Уланбек Ногаев, OJSC “Eldik Bank”;
- Асель Тасмагамбетова, CAIER; LLP “Telli Kazakhstan”; Shoqan Walikhanov Private School; Sabi Foundation;
- Баглана Мусина, Freedom Shapagat Corporate Fund;
- Александр Гужавин, Qazaq National Parks.