Элдик Банк жана UN Women өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту

Бизнес Загрузка... 28 Май 2025 12:11
IMG_7302.JPG
copyright icon Элдик Банк

«Элдик Банк» ААК жана БУУнун Кыргыз Республикасындагы Аялдар түзүмү (UN Women) Кыргыз Республикасындагы аялдардын экономикалык укуктарын кеңейтүү багытында стратегиялык өнөктөштүккө багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Бул — БУУнун Аялдар түзүмү менен Кыргызстандын банк секторунун өкүлүнүн ортосундагы биринчи келишим. Ал «Элдик Банктын» өлкөдөгү алдыңкы жана туруктуу каржы институттарынын бири катары активдүү позициясынын аркасында мүмкүн болду. Меморандумга кол коюу — гендердик теңчиликке жана туруктуу өнүгүүгө багытталган демилгелерди ишке ашырууда ишенимдүү өнөктөш катары банктын маанилүүлүгүн белгилейт.

IMG_1716

Меморандум аялдардын финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, аялдардын ишкердигин колдоо, инклюзивдүү финансылык продукттарды иштеп чыгуу жана туруктуу бизнес-демилгелерди өнүктүрүү боюнча биргелешип иш алып барууну көздөйт. Ошондой эле туруктуу өнүгүү, социалдык жоопкерчилик жана теңчилик принциптерин илгерилетүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

“Бул маанилүү өнөктөштүктүн бир бөлүгү болуу — биз үчүн сыймык. Биз БУУнун Аялдар түзүмүнүн баалуулуктарын колдойбуз жана ар бир аялдын экономикалык өсүүсү, билим алуусу жана өзүнүн ишкердик дараметин ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болушун каалайбыз”, — деди меморандумга кол коюу учурунда “Элдик Банк” ААК Башкармасынын төрагасынын орун басары Айчүрөк Жакыпова.

IMG_1721

“Элдик Банк” ААК менен болгон кызматташуубуз Кыргызстандагы ар бир аялдын финансылык инструменттерге, өз бизнесин өнүктүрүүгө, өлкөнүн экономикасына олуттуу салым кошууга жана лидерлик дараметин ишке ашырууга болгон бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болушу үчүн жалпы умтулуубузду чагылдырат. Күч-аракетибизди бириктирүү менен биз бир дагы аял четте калбаган инклюзивдүү экономиканы түзүүгө олуттуу кадамдарды жасап жатабыз”, — деди БУУнун Аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Сайед Садик.

Белгилей кетүүчү жагдай: «Элдик Банк» ишкер аялдарды колдоого багытталган бир катар жеңилдетилген кредиттик продукттарды ишке ашырууда. Бул программалар чакан жана орто бизнести ачууга жана өнүктүрүүгө, аймактардагы аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзүүдө.

Кошумча маалымат үчүн:

БУУнун Аялдар түзүмү — Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тарабынан 2010-жылы түзүлгөн түзүм болуп саналат. Ал гендердик теңчиликке жана аялдардын укуктарын кеңейтүүгө көмөктөшөт. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөсүндө, анын ичинде Кыргызстанда да иш алып барат.

КРУБ лиц. №033