Элдик Банк: БУУнун ГК жоопкерчиликтүү бизнес үчүн аянтча

Бизнес Загрузка... 23 Январь 2026 12:26
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon "Элдик Банк" пресс-кызматы

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. 21-январда БУУнун Борбор Азиядагы Глобалдык келишим тармагынын директорлор кеңешинин биринчи отуруму болуп өттү. Жыйынга «Элдик Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев тармактын директорлор кеңешинин мүчөсү катары катышты.

Жыйындын жүрүшүндө тармактын 2023-2025-жылдарга карата ишинин жыйынтыктары каралып, 2026-2030-жылдарга иш стратегиясын иштеп чыгуунун негизги ыкмалары талкууланды.

Сунушталган стратегия компаниялардын, эксперттик коомчулуктун жана эл аралык өнөктөштөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүү үчүн өнөктөштүк форматтарын өнүктүрүүнү, биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну жана туруктуу өнүгүүнүн алдыңкы тажрыйбаларын жайылтууну карайт, ошондой эле туруктуу бизнес чечимдерди иштеп чыгуу жана аймактагы компаниялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн аналитикалык жана изилдөө куралдарын колдонот.

Белгилей кетсек, «Элдик Банк» ААК БУУнун Глобалдык келишиминин жигердүү катышуучусу жана 160 өлкөдөн 17 000ден ашык ири компаниялар менен бирге 2023-жылы тармакка кирген Кыргызстандын биринчи банкы болуп калды. Банк башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев Борбор Азиядагы БУУнун ГК тармагынын директорлор кеңешинин курамына кирген Кыргызстандын жалгыз өкүлү болуп саналат.

Уланбек Ногаев жолугушуунун жыйынтыгына комментарий берип, БУУнун Глобалдык келишим тармагы туруктуу өнүгүү принциптерин жана бизнести жоопкерчиликтүү жүргүзүүнүн алдыга жылдыруучу жана маанилүү эл аралык платформа экенин белгиледи.

Анын айтымында, тармакка катышуу компанияларга алдыңкы эл аралык тажрыйбаны киргизүүгө, социалдык жана экологиялык өнүгүүгө кошкон салымын күчөтүүгө, ошондой эле корпоративдик башкаруунун сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Буга байланыштуу ал Кыргызстандын бизнес коомчулугунун өкүлдөрүн БУУнун Глобалдык келишим тармагына активдүү кошулууга жана анын потенциалын туруктуу жана узак мөөнөттүү өнүктүрүү үчүн пайдаланууга чакырды.

Маалымат үчүн: БУУнун Борбор Азиядагы Глобалдык келишим тармагы Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын жүздөн ашык компанияларын бириктирет, алар жоопкерчиликтүү бизнес жүргүзүү принциптерине берилгендигин жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн практикалык кадамдарды жасоого даяр экендиктерин билдиришкен.

БУУнун Борбор Азиядагы Глобалдык келишим тармагынын директорлор кеңешинин курамына аймактагы компаниялардын өкүлдөрү кирет:

  • Үмүт Шаяхметова, JSC Halyk Bank
  • Серик Толукпаев, Aitas KZ JSC
  • Зафар Хашимов, FE Anglesey Food LLC
  • Эдгард Бо Шахин, Schneider Electric LLP Kazakhstan
  • Уланбек Ногаев, OJSC “Eldik Bank”
  • Асел Тасмагамбетова, CAIER, LLP “Telli Kazakhstan”, Shoqan Walikhanov Private School, Sabi Foundation
  • Баглана Мусина, Freedom Shapagat Corporate Fund
  • Александр Гужавин, Qazaq National Parks Ltd
  • Ерлан Досымбеков, JV “Ernst and Young Advisory” LLC

Лицензия №033