Элчи: Непалда жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Дүйнө Загрузка... 10 Сентябрь 2025 18:37
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 10.09.25. /Кабар/. Непалда жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Индия жана Непалдагы элчиси Аскар Бешимов “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Непалда жалпы жонунан он чакты кыргыз жарандары жашайт.

“Жалпысынан Непалда он чакты кыргыз жарандарыбыз бар. Алардын ичинде ар кандай эл аралык уюмдарда иштегендер, турмушка чыккандар бар. Алар менен байланыштабыз. Эч кимиси жабыркаган жок. Негизги окуялар Катмандуда болду. Ал жакта эки жараныбыз жашайт. Коменданттык саат киргизилгендиктен, эч ким үйдөн чыкпайт. Калган кыргыздар тоо жактагы Покхара шаарына жакын жашашат. Ал жакта окуялар болгон жок. Непалга көбүнесе эс алуучулар ноябрь-март айларында тоого чыгуу үчүн келишет. Ошол себептен, учурда туристтер жокко эсе”, - деди ал.

Reuters агенттиги маалымдагандай, Непалдагы башаламандыкта каза болгондордун саны 25ке жетти, 633 адам жаракат алды.