Бишкек, 13.05.25. /Кабар/. Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов Баку шаарында уюштурулган эскерүү иш-чараларына катышты.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, элчи КМШга мүчө-мамлекеттердин дипломатиялык миссияларынын жетекчилери менен бирге азербайжан элинин жалпы Улуттук лидери Гейдар Алиевдин туулган күнүнүн 102 жылдыгына карата анын мүрзөсүнө, ошондой эле анын жубайы – көрүнүктүү окумуштуу, академик Зарифа Алиеванын мүрзөсүнө гүл коюшту.
Иш-чаралардын улануусунда Мамытканов КМШ өлкөлөрүнүн элчилери жана аскердик атташелери менен биргеликте Баку шаарынын Нариман районундагы "Братская могила" мемориалына барды.
Алар Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгынын урматына дүйнөнү фашизмден бошотуу үчүн жанын берип, курман болгон баатырларды эскеришти.