Элчи Кубанычбек Бөкөнтаев Москвада африкалык дипломаттар менен жолугушту

Тышкы саясат 10721 14 Март 2025 17:05
c13f385b-1798-34a3-aaf3-a61d5b8f1390.jpeg
96f5bf4f-8ad7-33d6-9bb1-608e95cd06a8.jpg
Алдыга
Артка
c13f385b-1798-34a3-aaf3-a61d5b8f1390.jpeg
96f5bf4f-8ad7-33d6-9bb1-608e95cd06a8.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 14.03.25. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Москвада аккредитацияланган африкалык мамлекеттердин дипломатиялык миссия башчылары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде Ангола, Мали, Буркина-Фасо, Эфиопия жана Габон республикаларынын элчилери менен сүйлөшүүлөр болду.  

Жолугушууларда тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын келечегин, эл аралык уюмдар алкагындагы өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле жогорку деңгээлдеги саясий байланыштарды орнотуу жана экономикалык алакаларды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.  

Ошондой эле элчи К.Бөкөнтаев Кыргызстандагы негизги реформалар, коррупцияга каршы күрөш жана өлкөнүн экономикалык жетишкендиктери тууралуу маалымат берди.

"Коррупцияга каршы күрөш жана алтын казып алууну мамлекеттик көзөмөлгө өткөрүү боюнча маселелер африкалык дипломаттардын өзгөчө кызыгуусун жаратты, анткени бул темалар Африка үчүн да өтө актуалдуу",-деп айтылат маалыматта.  

Белгилей кетсек, тараптар БУУнун алкагындагы кызматташтыкты талкуулап, эл аралык уюмдардын шайлануучу органдарында өз ара колдоо көрсөтүүнү маанилүү деп белгилешти.

Мындан тышкары, элчи К.Бөкөнтаев климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш дүйнөлүк күн тартибинде башкы орунга чыгып жатканын белгилеп, Кыргызстандын тоо демилгелери тууралуу кеңири маалымат берди жана африкалык мамлекеттерден бул демилгени колдоону өтүндү.