Бишкек, 28.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, 2025-жылдын биринчи кварталында ата-энесинин камкордугусуз калган 13 жашы жете элек өспүрүмдү - Кыргыз Республикасынын жарандарын мекенине алып келүүгө, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган 8 жаранды мекенине кайтарууга жардам көрсөтүлгөн.
Эске салсак, 2024-жылдын ушул эле мезгилинде – 18 жаран мекенге кайтарылган.