Кыргызстан менен Россиянын финансы чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташтыгы талкууланды

Саясат Загрузка... 24 Апрель 2025 10:09
фото встреча Посла с заместителем министра финансов РФ.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 24.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Россиянын финансы министринин орун басары Иван Чебесков менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында финансы чөйрөсүндөгү эки тараптуу кыргыз-россия кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, буга чейин макулдашылган бир катар маанилүү багыттар боюнча биргелешкен аракеттерди ишке ашыруунун жолдору, ошондой эле банктык жана санариптик тармактардагы биргелешкен иштерди активдештирүүгө багытталган келечектүү долбоорлор талкууланды.  

Тараптар мекемелер аралык өз ара кызматташуунун жогорку динамикасын канааттануу менен белгилешип, мындан ары да туруктуу байланыштарды сактоону шартташышты.