Бишкек, 16.07.25. /Кабар/. Татарстандын Елабуга шаарынын аткаруу комитети электросамокаттарды жана ушул сыяктуу жеке мобилдик унааларды ижарага берүүгө тыюу салды. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.
Маалыматка караганда, буга негизги себеп катары шаарда мындай транспорт үчүн зарыл болгон инфраструктуранын жоктугу көрсөтүлгөн.
Елабуганын шаардык аткаруу комитетинин башчысы Элмира Ахмадеева белгилегендей, тротуарларда самокаттардын жүрүшү жөө жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаратып, кооптуу жагдайларды жаратат. Калаада атайын тилкелер, велосипед жолдору жана тиешелүү жол белгилери жетишсиз.
Ушунун негизинде жол кыймылынын коопсуздугу боюнча комиссия электрсамокаттарды ижарага берүүгө тыюу салуу чечимин кабыл алды.
Ахмадеева балдардын жана шаар тургундарынын коопсуздугу биринчи орунда турушу керек экенин белгилеген.