Эл сүрөтчүсү Макен Сыдыкбаевге эстелик орнотулду

Маданият 06 Декабрь 2025 16:15
FB_IMG_1765016101714.jpg
FB_IMG_1765016105471.jpg
FB_IMG_1765016114936.jpg
FB_IMG_1765016117411.jpg
FB_IMG_1765016117410.jpg
FB_IMG_1765016117416.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1765016101714.jpg
FB_IMG_1765016105471.jpg
FB_IMG_1765016114936.jpg
FB_IMG_1765016117411.jpg
FB_IMG_1765016117410.jpg
FB_IMG_1765016117416.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 06.12.25. /Кабар/. "Ала-Арча" көрүстөнүндө Кыргызстандын эл сүрөтчүсү, белгилүү сценограф жана живописчи Макен Сыдыкбаевдин элесине арналган эстелик орнотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага маданият министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, маданият кызматкерлери, чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү жана маркумдун жакындары катышты.

Макен Сыдыкбаев (1937–2023) – кыргыз театр искусствосунун өнүгүшүнө чоң салым кошкон көркөм жетекчи, сахна эстетикасынын жаңы деңгээлин калыптандырган белгилүү сүрөтчү. Анын сахналык иштеринин жана көркөм эмгектеринин басымдуу бөлүгү улуттук театрдын көркөм деңгээлин жогорулатып, кийинки муундардын чыгармачылык өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн.