Эл өкүлдөрү Ош ордосу этноайылына келишти

Көчмөндөр оюндары-2026 3 сентябрь 2026 16:28
IMG_7075.png
IMG_7076.png
IMG_7077.png
IMG_7078.png
IMG_7079.png
IMG_7080.png
IMG_7081.png
IMG_7082.png
IMG_7083.png
Алдыга
Артка
IMG_7075.png
IMG_7076.png
IMG_7077.png
IMG_7078.png
IMG_7079.png
IMG_7080.png
IMG_7081.png
IMG_7082.png
IMG_7083.png
Алдыга
Артка
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Ысык-Көл, 03.09.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар Кырчын жайлоосундагы Ош ордосу этношаарчасына келишип, Ош шаары уюштурган маданий программа менен таанышты.

Мэриядан билдиришкендей, этношаарчада меймандарга сынактарга тигилген салттуу боз үйлөр, кол өнөрчүлүк, зер буюмдар, улуттук кийимдер жана турмуш-тиричилик буюмдары көрсөтүлдү. Ошондой эле кыргыздын каада-салты, элдик ыр-күүлөр, чыгармачылык номерлер жана улуттук оюндар тартууланды.

  • “Депутаттар боз үйлөрдү кыдырып, кол өнөрчүлөрдүн эмгеги менен жакындан таанышып, улуттук нарк-насил тууралуу кенен маалымат алышты. Жылуу маанайда өткөн иш-чара коноктордо жагымдуу таасир калтырды“,–деп айтылат маалыматта.