Эль-Ниньо таасири: Калифорнияда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Дүйнө 23 сентябрь 2026 14:30
Эль-Ниньо таасири: Калифорнияда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Калифорнияда Эль-Ниньо климаттык кубулушунан улам рекорддук бороон-чапкын жакындагандыктан өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу ТАСС жазды.

Маалыматка ылайык, рекорддук Эль-Ниньо бороон-чапкыны болжолдонуп жаткандыктан өзгөчө кырдаал чарасы штатка кышкы бороон-чапкындар жана башка кесепеттерге чейин ресурстарды мобилизациялоого мүмкүндүк берет.

АКШнын синоптиктеринин эсептөөлөрүндө күчтүү Эль-Ниньонун ыктымалдуулугу 90%дан ашат, ал эми кубулуштун тарыхый көрсөткүчтөргө жетүү ыктымалдуулугу 75%ды түзөт.

Аба ырайынын бузулушун утурлай мамлекеттик кызматкерлер суу ташкынына каршы каражаттарды камдап, жолдорду жана инфраструктураны даярдашат, ал эми Улуттук гвардия куткаруу иштерине мобилизацияланат.