“Эл үмүтү” долбооруна мамлекеттен 265 млн сомго жакын каражат каралды - президент

Президент Загрузка... 10 Ноябрь 2025 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 10.11.25. /Кабар/. “Эл үмүтү” долбооруна мамлекет тарабынан 265 млн сомго жакын каражат багытталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаарында өтүп жаткан "Кыялымдагы Кыргызстан" улуттук жаштар форумунда билдирди.

“Эл үмүтү” долбоорунун чегинде 2022-жылдан бери магистранттардын атагы таш жарган, жүздүн ичине кирген дүйнөлүк окуу жайлардан билим алуусуна көмөктөшүп келебиз. Бүгүнкү күнгө чейин президенттин фондунун эсебинен 55 студент Оксфорд, Кембридж, Гарвард жана башка дүйнөнүн эң мыкты 100 университеттеринин катарына кирген 38 университетинде билим алып, тиешелүү академиялык даражаларга ээ болушууда. Буга мамлекет тарабынан 265 млн сомго жакын каражат багытталды. Демек, бул ар бир сомдун артында Кыргызстандын келечеги, элдин үмүтү турат дегенди билдирет”, - деди президент.

Садыр Жапаров “Эл үмүтү” деген чоң ишеним менен башталган долбоор бүгүн өз жемишин бере баштаганын да айтты.

“Учурда ошол бүтүрүүчүлөрдүн жетөө өлкөбүздө - илим, билим тармагында жана мамлекеттик кызматта иштеп жатышат. 12си болсо дүйнөлүк компанияларга орношуп, Кыргызстандын атын даңазалап жүрүшөт. Алар – биздин сыймыгыбыз, жаңы Кыргызстандын жүзү десек болот!

Мындан сырткары 2021-жылы Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайына жөнөткөн 22 студентибиз ийгиликтүү аяктап, Мекенине кайтып келишти.

Чыгармачыл карлыгачтарыбыз тобу менен улуттук Ош драма театрына ишке орноштурулду. 22 жаш актер-актрисабыздын ар бирине жаңы курулуп бүткөн, заманбап үйдөн батир бердик”, - деди өлкө башчысы.