Эл өкүлдөрү бир жылдык депутаттык мөөнөттү эмес, мамлекеттин туруктуулугун ойлоду - президент

Президент Загрузка... 30 Сентябрь 2025 21:42
2025-07-16_15-39-15_106476.jpg

Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. Эл өкүлдөрү бир жылдык депутаттык мөөнөттү эмес, мамлекеттин туруктуулугун ойлоду. Мындай пикирин өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн элге кайрылуусу убагында билдирди.

Президент өз сөзүндө белгилегендей, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо ушул жылдын 30-ноябрь күнү болот.

“25-сентябрда Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл алгандан кийин, мен бүгүн Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын депутаттарын шайлоо күнүн 30-ноябрга белгилеп, жарлыкка кол койдум. Ошентип, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо ушул жылдын 30-ноябрь күнү болот. Биринчиден, демилге көтөрүп, ушул маселени колдоп берген депутаттардын баарына терең ыраазычылык билдирем. Сиздер алдыда калган бир жылдык депутаттык мөөнөтүңүздөрдү эмес, мамлекеттин узак мөөнөттүү туруктуулугун ойлодуңуздар. Мамлекеттик деңгээлде мамлекетчил атуул катары ой жүгүрттүңүздөр. Себеби келечекте эки шайлоо ар беш жыл сайын бири-бирине учкашып өтсө, бул, биринчиден, БШК үчүн кыйынчылык жаратат, экинчиден, саясий стабилдүүлүккө залакасын тийгизиши мүмкүн. Үчүнчүдөн, келерки жылы күздө Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана Көчмөндөр оюну бизде өтөт”,-деп белгилеги президент Садыр Жапаров.