Эл артисти Айзада Тумакованын мааракелик кечеси белгиленди

Маданият 12 октябрь 2026 12:45
WhatsApp Image 2026-10-12 at 11.32.47 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-12 at 11.32.52 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-12 at 11.32.47 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-12 at 11.32.52 (1).jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. 11-октябрда Кыргыз Эл артисти, театрдын башкы балетмейстери Айзада Тумакованын мааракелик кечеси өттү. Бул тууралуу А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынан билдиришти.

Майрамдык кечеде Жан-Мадлен Шнейцхоффер менен Герман Левенскольддун музыкасына коюлган “Сильфида” балети көрсөтүлдү. Спектаклге Тумакова өзү режиссерлук кылды.

Балетте Сильфиданын образын Адинай Эмилбекова, Жеймстин ролун Саади Иманкулов, Мэджди Руслан Алжанов, Эффини Айдана Галиева, Гурнаны Атабек Садыркулов, ал эми эненин ролун Татьяна Майорова аткарды.

Балеттин дирижёр-коюучусу — Захар Бутенко, сүрөтчү-постановщиги — Садык Мурзаханов.