Бишкек, 27.05.25. /Кабар/. Быйыл өлкө боюнча 11-классты 80 миң 348 бүтүрүүчү аяктоодо. Күн мурун мектептерде акыркы коңгуроо кагылды. Эми бүтүрүүчүлөр 2-июндан 17-июнга чейин жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан өтөт. Бул ирет “Кабар” агенттиги Ош облусунун Араван районундагы №3 Алишер Навои мектебинин бүтүрүүчүсү Аяна Базарбаеванын окуудагы ийгиликтерине токтолуп, алдыга койгон максаттары тууралуу айтып берет.

Аяна Базарбаева үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу. Быйыл ал билим уясынан учуп, жогорку билим алууга кадам таштаганы турат. Аяна мектептеги алдынкы окуучулардын катарын толуктап, коомдук иштерге активдүү катышкан окуучулардын бири. Бир катар олимпиадаларда жана мелдештерде ийгиликтерге жетишкен.
“Республикалык олимпиадаларга активдүү катыштым. Облустук олимпиадада кыргыз тилинен 1-орунду багындыргам. Ал эми республикалык турда алдынкы орундарга ээ боло албай калдым. Бирок бул мени капа кылган жок, тескерисинче дагы да алдыга умтулууну, жашоодо кандай учурлар болбосун максатты көздөй, бийиктикке умтулууну көрсөттү. Мектептин командасы менен “Милициянын жаш достору” сынагынын облустук турунда 2-орунду ээлегенбиз”, - деп ал окуучулук күндөрүндөгү жетишкендиктеринен мисал келтирди.
Ошондой эле Аяна алдыга койгон максаттары тууралуу да айтып берип, туура кесип тандоого өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.

“Кесип тандоо боюнча көп кеп-кеңештерди угуп жатам. Мен өзүм келечекте дипломат болуп иштөөгө кызыгып келем. Ушул кесип менен дүйнө кезип чоң-чоң максаттарга жетем дейм. Азыр бул багытта билим берген жогорку окуу жайларды караштырып, эки-үчөөнү тандап койдум. Абитуриенттер университеттердин студенттерге берген билимин да салыштыруусу зарыл деп ойлойм. Классташтарымдын көпчүлүгү медициналык окуу жайга тапшырып, эл саламаттыгы үчүн эмгектенген дарыгер болууга камынышууда. Мына биз 11 жыл билим алган мектебибиз менен коштошуп жатабыз, бул жылдар зымырык куштай бат өттү. Мугалимдерге, ата-энеме чоң ыраазычылык билдирем. Жетишкендиктериме алардын салымы чоң. Алар өз кесибинин мыктылары. Дайыма жардамын аябай колдоо көрсөтүп келишет”, - деди бүтүрүүчү.

Араван районундагы №3 Алишер Навои мектебинин окуу бөлүмүнүн жетекчиси, кыргыз тили жана адабияты мугалими Жаркын Кудайбердиева башка окуучулардай эле Аянаны да жалпы республикалык тестирлөөгө даярдаганын, жыйынтыктары жакшы чыгат деп күтүп жатканын айтты.

“Аяна үлгүлүү окуучуларыбыздын бири. Ал кыргыз тилиндей эле башка сабактарды да эң жакшы өздөштүрдү. Кандай гана кесипти тандабасын, анын эң мыкты адис болоруна ишенем”, - дейт мугалим.
Кошумчалай кетсек, Алишер Навои мектебинин 11-классын быйыл 115 окуучу аяктап жатат. Анын ичинен артыкчылык аттестат алууга 17 окуучу көрсөтүлгөн.