"Эл Аман" дарыканаларындагы дарылардын түрү көбөйтүлөт – Талант Султанов

Ден соолук Загрузка... 13 Ноябрь 2025 14:41
1080127614_0_221_2758_1772_1920x0_80_0_0_32255ec3e988ce9c111a39c0451d847d.jpg.webp
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.11.25 /Кабар/. "Эл Аман" дарыканалардагы дары-дармектердин түрү жана саны көбөйтүлөт. Бул тууралуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын директору Талант Султанов “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда бул багытта тиешелүү иштер жүрүп жатат.

“Бүгүнкү күндө айрым элдик дарыканаларда дары-дармектердин тизмеси чектелүү экени чындык. Бирок, биз бул маселени чечүү үчүн аракет көрүп жатабыз. Учурда Индия, Кытай, Россия сыяктуу ири өндүрүүчү мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Мурун ар бир алынып келген дары үчүн өзүнчө келишим түзүлсө, азыр узак мөөнөттүү келишимдерди түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп баштадык”, - деди ал.

Султанов кошумчалагандай, дагы бир маанилүү багыт - өлкө ичинде дары чыгарган заводдордун санын көбөйтүү.

“Биз дары-дармектердин ички өндүрүшүн кеңейтүү боюнча да активдүү иштеп жатабыз. Бул келечекте бааларды төмөндөтүп, элди жеткиликтүү дарылар менен камсыз кылууга өбөлгө болот”, - деп белгиледи ал.