“Эл Аман” дарыканаларында дарылар 5%га арзан сатылууда – Талант Султанов

Ден соолук Загрузка... 13 Ноябрь 2025 14:55
Untitled-2-5.png
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.11.25 /Кабар/. “Эл Аман” дарыканаларында дары-дармектер орточо эсеп менен 5 пайызга арзан сатылууда. Бул тууралуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын директору Талант Султанов “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, айрым дарылар мындан да төмөн сатылып жатат.

“Биз мамлекеттик дарыканаларда дары-дармектердин баасын мүмкүн болушунча төмөн кармоого аракет кылып жатабыз. Бул калктын бардык катмарына, айрыкча социалдык жактан аялуу топторго жеткиликтүү болушу үчүн маанилүү. Ошондой эле “Эл Аман” дарыканаларынын санын көбөйтүү максатында иш алып барып жатабыз. Азыркыга чейин өлкө боюнча 100 дарыкана ачылды. Эми биз бул дарыканаларды алыскы аймактарда да ачабыз”,-деди ал.