"Эл Аман" дарыканаларын өнүктүрүүгө 500 млн сом жумшалат

Ден соолук Загрузка... 30 Январь 2026 14:00
Untitled-2-5.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 30.01.26 /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын жамаатына жаңы жетекчи Болот Жунусовду тааныштырып жатып, калк үчүн дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүнө басым жасоо менен “Эл Аман” дарыкана тармагын жана логистикасын масштабдуу реструктуризациялоо тууралуу пландарын айтты.

Анын айтымында, жакынкы убакытта “Кыргызфармация” 2 млрд сом өлчөмүндө мамлекеттик насыя алууну пландаштырууда.

“Бул сумманын 500 млн сому “Эл Аман” дарыкана тармагын колдоого жана өнүктүрүүгө жумшалат. Негизги милдет - жарандарды чындап жеткиликтүү жана сапаттуу дары-дармектер менен камсыз кылуу”, - деди министр.