Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. “Эл Аман” мамлекеттик дарыканалары ачылгандан бери 1 млрд 671 млн 459 миң сомго дары саткан. Бул тууралуу “Эл Аман” мамлекеттик дарыканалар тармагынын жетекчиси Рысбек Акынбеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Маалымдалгандай, анын ичинен 185 млн 947 миң сому мамлекетке салык катары төлөнгөн.
“Кыргызстан боюнча бүгүнкү күндө 72 “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы бар. Анын ичинен Бишкек шаарында 16 дарыкана, Чүй облусунда 9, Ысык-Көл облусунда 5, Талас облусунда 6, Нарын облусунда 3, Баткен облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 15, Ош облусунда 13 жана Ош шаарынын өзүндө 3 дарыкана бар. Быйыл дагы жаңы дарыканаларды ачуу планыбызда бар. Учурда 45 фармацевтикалык компания-дистрибьютор менен иштейбиз. Биздин дарыканаларда жеке менчик дарыканаларга салыштырганда дарылар 10-15 пайызга арзан”, — деди Акынбеков.
Эскерте кетсек, "Эл Аман" мамлекеттик дарыканалары калкты арзан баадагы дары-дармек менен камсыздоо максатында 2 жыл мурда түзүлүп, иштей баштаган.