Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. Эквадордун президенти Даниэль Нобоанын кортежине Каньяр кантонунда куралдуу кол салуу болду. Бул тууралуу РИА Новости Radio Atalaya радиоканалына шилтеме берүү менен кабарлады.
«Президент Даниэль Нобоанын кортежине Каньяр кантонунда кол салынды. Мамлекет башчысы жана өкмөттүн башка өкүлдөрү отурган унааларга ок атылган», — деп билдирет радиостанция өзүнүн X баракчасында.
Президенттик администрация кол салуу болгонун ырастап, бирок ок атылганын тактаган жок. Маалыматка караганда, Даниэль Нобоа Каньярга 4,5 миллион долларлык саркынды сууларды тазалоочу курулуштун башталышын жарыялап, канализациялык системаларды ишке берүү үчүн жөнөп жаткан.
Маалымат кызматтын билдиришинче, кол салуу радикалдуу топтордун буйругу менен уюштурулган. Кортежде өкмөт мүчөлөрү менен катар жөнөкөй жарандар да болгон.
Президенттин администрациясы канча адам кармалганын тактаган эмес, бирок бардык шектүүлөр терроризм жана киши өлтүрүүгө аракет кылуу беренелери боюнча жоопко тартыларын билдирди.