Экспортко жол ачылат: Таласта ири агроөндүрүш заводу курулууда

Аймак 15 Июнь 2026 09:50
723042502_2211591636350865_1639345181196234547_n.jpg
721290648_2211591683017527_7132757527870935035_n.jpg
721668487_2211591509684211_4906959082843232984_n.jpg
721777955_2211591813017514_5071027522814804278_n.jpg
723067490_2211591859684176_6674396960848147837_n.jpg
723614147_2211591893017506_7533121665502501821_n.jpg
723688071_2211591836350845_5064179931379023219_n.jpg
723780128_2211591926350836_3669507909744091919_n.jpg
724006469_2211591593017536_1167804029383644654_n.jpg
724076704_2211591463017549_6738875700351764141_n.jpg
724123543_2211591749684187_5244310872503352702_n.jpg
724226057_2211591623017533_1502610973771985545_n.jpg
724329135_2211591469684215_5779827287518070466_n.jpg
724472812_2211591516350877_7802361073239938670_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Эрмат Жумаевдин социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Айтматов районунун Аманбаев айылында жашылча-жемиштерди сактоочу жана кайра иштетүүчү "Талас Органик" ЖЧКсынын заводунун курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, долбоордун алкагында 300 гектар айдоо жер өздөштүрүлүп, анын 40 гектарына картошка эгилди. Тамчылатып сугаруу системасы курулуп, 100 метрлик скважина казылган, ошондой эле көлөмү 10 миң куб метр болгон суу сактоочу жай пайдаланууга берилди.

"Мындан тышкары, 20 гектар аянтка заманбап муздаткыч кампалар жана жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчү өндүрүш комплекси курулууда. Долбоордун жалпы наркы 320 млн сомду түзөт. "Альянс Алтын" өнүктүрүү фондунун колдоосу менен бүгүнкү күнгө чейин 200 млн сом каражат бөлүнүп, ал айыл чарба техникаларын, заманбап жабдууларды сатып алууга, бассейндерди курууга жана тамчылатып сугаруу системасын орнотууга жумшалууда", - деди Жумаев.

Өкүл белгилегендей, бул долбоор жүздөгөн жаңы жумуш орундарын түзүп, Талас облусунун айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө, фермерлердин мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана экспорттук потенциалын жогорулатууга чоң салым кошот.

Завод ушул жылдын 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берилет.