MCN Coin криптовалютасы аркылуу тез арада киреше табууга ишенген жарандар акчаларынан айрылышты, бул окуяны акыркысы деп да айтуу мүмкүн эмес. Биринчиден,
крипто рыногуна кирүүдөн мурун эмнени эске алуу керек? Экономика жана финансы тармагы боюнча эксперт Кубат Рахимов “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде акчаны үнөмдөөгө жана криптовалютада акча таба баштоого мүмкүндүк бере турган эң маанилүү кадамдар тууралуу айтып берди.
- Биз валюта рыногунун активдүү түрдө өнүгүүсүн көрүп жатабыз, киреше алып келе турган ар кандай виртуалдык тыйындарды сатып алууну сунуштаган жарнамалардын саны көбөйдү. Криптону саткан көптөгөн онлайн аянтчалар бар. Мунун баарына кантип түшүнсө болот?
- Мен азыр криптовалюталардын активдүү өнүгүүсү жүрүп жатат деп айта албайм. Ал түшүнүк 2017-жылы активдүү түрдө жайылып, ал эми анын тез өсүшү институттук инвесторлор, венчурдук фонддор жана ири оюнчулар рынокко кирген 2020-жылы болду. Биз ошондой эле майнинг компаниялардын акциялары фондулук рынокто сатылып жатканынын көптөн берки тенденциясын байкай алабыз. Ал эми MicroStrategy сыяктуу ири компаниялар жакында NASDAQ биржасында рейтинг индексин алышат. Башкача айтканда, криптовалюта көп убакыттан бери өнүгүп келе жатат жана анын чынында, күчтүү өзгөрүлмөлүүлүгүнө карабастан, чоң келечеги бар.
Азыркы учурда тигил же бул тыйындарды сатып алууга чакыруу чоң тобокелдиктерди алып келет, анткени рынокто биткойн үстөмдүк кылууда.
Албетте, эгер тигил же бул тыйындарды узак убакыт бою кармап турса, эртеби-кечпи базарда альт-сезон деп аталган нерсе пайда болуп, алардын баасы көтөрүлөт. Бирок бул бир топ убакытка созулушу мүмкүн жана кээ бир тыйындарды азыр сатып алуу өтө кооптуу.
Тигил же бул тыйындарды сатып алууга чакырып жаткан ар кандай блогерлер, чын чынына келгенде алар сунуштары үчүн эч кандай жоопкерчилик тартпай турганын эстен чыгарбоо керек. Көптөгөн өлкөлөрдө бул кылмыш болуп саналат.
- Адистер криптовалюта рыногун абдан келечектүү деп эсептешет. Сиз экономист катары көз карашыңызды айтсаңыз, кандай оң жана терс жактары, тобокелдиктери бар?
- Крипто рыногунун оң жана терс жактарын ошол эле bitcoin аркылуу көрүүгө болот: акыркы бир нече жыл ичинде анын наркы бардык мүмкүн болгон индекстерден ашып түштү жана облигациялардын фондулук рыногунан жана дүйнөдө бар бардык мүмкүн болгон активдерден ашып түштү. Бул келечектүүбү? Ооба. Бирок, кыска мөөнөт аралыгында биткойн күчтүү өзгөрүлмөлүүлүгү менен коркунучтуу актив экенин эстен чыгарбоо керек, бир күн ичинде эле анын баасы 10%га өзгөрүп кетиши мүмкүн. Бирок, эгерде биз узак мөөнөттүү стратегияны алсак, мисалы, бир жылдан же андан көп убакыттан кийин, биткойн бардык көрсөткүчтөр боюнча бүт активдерден ашып кетет. Бир топ убакыт бою 20-30%га төмөндөп кеткен активди кармап турууга даярсызбы деген суроо жаралат. Бул жеке финансылык тартип маселеси, ошондой эле криптовалюталарга карата стратегияңыз. Кандайдыр бир деңгээлде, бул криптовалютага карата диний ишенимге да жакын деп айта алабыз. Бирок, ар кандай графикаларды, тарыхты, биткойндин циклдерин, булар менен байланышкан нерселердин баарын алсак, анда алдыда албетте, 200 миң доллардан жогору биткойн көрө алабыз. Бизде кыска мөөнөт ичинде өзгөрүлмөлүүлүк болот.
![10_CFDsGMn.original.jpg](/media/images/10_CFDsGMn.original.width-800.jpg)
- Ар кандай ... койндерге коротуулар чындап эле кирешелүү болушу мүмкүн, бирок дагы бир жагы бар - алдамчылардын жана криптобиржаларга жана соода аянтчаларга жамынып алган жасалма сайттардын санынын көптүгү. Ал жакта акча жоготуп алуу мүмкүн...
- Алдамчыларга келсек, алар бардык жерде, бардык базарларда, бизнесте жана башка жактарда бар. Бул криптодо көбүрөөк айкын көрүнүп турат. Кантип шылуундарга түшүп калбоо керек? Болгону биринчи кезекте, акыл-эс менен иш кылыш керек.
Сизге тигил же бул тыйынга же кандайдыр бир өзүңүздүн койнге каражат салууга айына миң пайыз (!) убадаласа, мүмкүн болгон мындай өсүштүн канчалык чындыкка жакын экендиги жөнүндө ойлонушуңуз керек. Ооба, кээ бир токен 100%га өсүшү мүмкүн, бирок сиз бул өсүштү алдын ала айта албайсыз. Ошондуктан, биринчи нерсе - акыл-эсти иштетиш керек, бул бардык факторлордун эң маанилүү учуру.
Экинчиден, биржа тууралуу, тыйындарды алдыңкы делген биржалардан сатып алуу керек. CoinMarketCap сайтына кирип, "Биржалардын рейтинги" бөлүмүндөгү биринчи 10 биржаны туруктуу деп айтууга болот. Башкача айтканда, КМШ өлкөлөрү жана Батыш өлкөлөрү үчүн бул - Binance, КМШ өлкөлөрү жана Россия үчүн OKX, Bybit. Башкаларды да карап көрүү керек. Балким башкаларда арзан комиссиялар бар. Бирок, бир нерсе арзаныраак болсо, бул коопсуздук жагынан бир аз жаман нерсе болушу мүмкүн экенин унутпаңыз.
Үчүнчүдөн, биржалардын даректерине көңүл буруңуз, анткени шылуундар көбүнчө домендик аталыштагы бир тамганы алмаштырып, тигил же бул алмашуунун кейпин кийип алышат.
Төртүнчүдөн, анонимдүү, мындайча айтканда, трейдер кандайдыр бир тыйынга каражат салууну сунуш кылса токендерди телеграм каналдардан сатып албаңыз, “Бал кумура” “Honeypot” дегендей, бул тигил же бул телеграм каналдын күчтүү иштетилиши.
Негизи, ал белгилүү бир убакыттын ичинде абдан пайдалуу маалыматты жайгаштыра алат, андан кийин каналдын автору өзүнүн токенин жасап, анын өсүшүн көрсөтөт. Мунун баары борбордон ажыратылган аянтчаларда жасалат, анда сиз 10 миң пайызга өскөндөн кийин сатып алган токенди сатууга болбойт. Бирок бул каналдын жана бул токендин автору бул токенди борбордон ажыратылган платформада чыгарып оңой эле сата алат.
Ошондуктан, сиз өтө этият болушуңуз керек жана белгилүү бир шектенүүлөрдү пайда кылган нерселердин бардыгын карашыңыз керек. Бардык шылуундар адамдын ач көздүгүнө жараша иш кылат. Кыска убакыттын ичинде сизге убада кылынган чоң пайыздарды көргөндө, этият болушуңуз зарыл.
- Жаңы баштагандарга, криптовалютага каражат салууну каалагандарга кандай кеңеш бере аласыз? Эмнени билиш керек жана эмнеге көңүл буруу керек?
- Жаңы баштагандарга абдан жөнөкөй кеңеш берет элем. Биринчиден, көп акчаны тобокелге салбаңыз. Экинчиден, рынокту изилдөө жана мониторинг жүргүзүү кажет, алмашуунун кантип иштээрин түшүнүү, биткойндин тарыхын карап чыгуу, анын күчтүү өзгөрмөлүүлүгү учурунда мүмкүн болуучу тобокелдиктерди баалоо жана кабыл алуу керек. Криптодо акча бар, бирок бул эң оңой акча эмес, көп жагынан бул узак мөөнөттүү оюн, бул спринт эмес, криптовалюта – бул марафон жана өтө татаал окуя. Бирок, эгер сиз бул рынокту изилдесеңиз, жок дегенде Ютубдагы роликтерди, үйрөтүүчү программаларды көрүңүз, сиз алдамчылардын тузагына кабылып калсаңыз акчаңызды жоготосуз, нөлгө түшөсүз. Эң башкысы – тынымсыз билим алып, үйрөнүү керек. Ошондой эле эң негизгиси - ар дайым лицензия талап кылыңыз! Кыргызстанда санариптик финансылык активдерди жөнгө салуу жаатында абдан либералдуу мыйзамдар бар, бирок ар кандай брокердин минималдуу капиталы 40 млн сом болушу керек, ансыз лицензия алуу мүмкүн эмес, ал эми биржа 100 млн сом (ишенимдүүлүк үчүн аны негизинен 10 млрд сомго чейин көтөрүү сунушталууда). Адамдар өздөрүнүн аманаттарын MCN Coinге ишенип салышты, бирок эмне үчүн эч ким бул жолдоштордун лицензиясын текшерүүгө убара болгон жок? Ошондуктан, "ишен, бирок текшер" эрежеси криптоактив рыногу үчүн өзгөчө актуалдуу.
Мен Кыргызстанда хедж-фонддорду өнүктүрүүнүн келечегин көрүп турам, мында лицензияланган башкаруунун астында тажрыйбалуу трейдерлер Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары үчүн тең салмактуу инвестициялык портфелдерди түзө алышат.