Кыргызстан Binance менен криптовалюта жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү жаатында кызматташат

Экономика Загрузка... 04 Апрель 2025 16:31
Binance-Global-Exhc.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик кытайлык Binance компаниясынын жетекчиси Чанпэн Чжао кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту.

Ведомстодон "Кабар" агенттигине билдиришкендей, тараптар төмөнкү демилгелердин үстүндө иштөөгө макулдашышты:

- Инфраструктуралык жана технологиялык колдоо. Кыргызстанда блокчейн инфраструктурасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн консультациялык жана технологиялык чечимдер, ошондой эле криптовалюталардын пландаштырылган резервин өнүктүрүүдө жана калыптандырууда колдоо көрсөтүү;

- жаштарды блокчейн технологияларына окутуу жана колдоого көмөк көрсөтүү, андан тышкары тиешелүү министрлик жана ведомстволордун кызматкерлерин блокчейн-технологияларына, виртуалдык активдерди башкаруу жана киберкоопсуздукка окутуу боюнча программаларды ишке ашыруу;

- виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү боюнча башкаруу тутуму.

Белгиленгендей, Чанпэн Чжао электрондук капчыкты өнүктүрүү, блокчейн инфраструктурасы, ченемдик-укуктук база жана консалтинг кызматтары боюнча тажрыйбасы бар, блокчейн-технологиясы жана криптовалюта чечимдерине адистешкен дүйнөдөгү эң ири Binance деп аталган криптовалюталык биржаларынын негиздөөчүсү

Кыргызстан криптовалюта жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча Борбор Азиядагы алдыңкы өлкөлөрдүн бири болууда, - деп билдирет кытайлык медиалар.

Президент Садыр Жапаров бул демилгени жеке өзү колдоп, расмий түрдө жаңы Twitter (X) аккаунтун ачкан. Binance жетекчиси CZ да Жапаровдун жаңы аккаунтуна жооп кайтарып, анын платформага кошулганын белгилеген.

Маалымат үчүн: CZ катары белгилүү Чанпэн Чжао ийгиликтүү стартаптары бар таасирдүү ишкер. Ал 2017-жылдын июлунда Binance`ns ишке киргизген. 180 күндөн кийин платформа соода көлөмү боюнча дүйнөдөгү эң ири санариптик активдер алмаштырган биржага айланган.

Binance – санариптик валюта алмаштыруу боюнча ири онлайн сервис, блокчейн системасы жана криптовалюталар тармагынын инфраструктуралык камсыздоочусу.