Чет элдик компаниялар Кыргызстанда криптобизнес жүргүзүүгө кызыгууда

Коом
Чет элдик компаниялар Кыргызстанда криптобизнес жүргүзүүгө кызыгууда
copyright icon Кабар

Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Чет өлкөлүк компаниялар жана эл аралык крипто коомчулугунун өкүлдөрү Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө жана өлкөнүн крипто тармагын өнүктүрүүгө кызыгуу билдирүүдө. Бул тууралуу Asia Innovation Forum 2026 эл аралык технологиялык форумунун уюштуруучусу Арсен Эдилбек уулу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда криптоиндустриянын өнүгүшү Борбор Азия өлкөлөрүнүн гана эмес, Грузиянын, Бириккен Араб Эмираттарынын жана Түштүк Кореянын да көңүлүн бурду.

"Кыргызстан крипто тармагын өнүктүрүү багытында ири мамлекеттердин кызыгуусун жаратууда. Алардын арасында бул багытта артта калбаган жана өлкөбүздүн заманбап шарттарга канчалык тез ыңгайлашып жатканын көргөн мамлекеттер бар. Биз Борбор Азия өлкөлөрүнүн гана эмес, Грузиянын, БАЭнин жана Түштүк Кореянын да көңүлүн бурдук. Уюмдар Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө кызыкдар. Анткени мамлекет тарабынан бул багытта кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Башка өлкөлөрдө президенттин бул маселелер боюнча мынчалык компетенттүү кеңешчилери жок. Бул Кыргызстан өнүгүүнүн туура багытында бара жатканын көрсөткөн белги", - деди ал.

Маалымат жыйынынын катышуучулары каржы технологиялары тармагындагы эл аралык кызматташтыктын, тажрыйба алмашуунун жана мамлекеттик органдар менен бизнес өкүлдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн маанисин белгилешти.

Белгилей кетсек, мындай кызматташтыкты өнүктүрүү аянтчаларынын бири катары 18-19-ноябрда Бишкекте Asia Innovation Forum 2026 эл аралык форуму өтөт. Анда криптовалюта рыногун жөнгө салуу, киберкоопсуздук, реалдуу активдерди токендештирүү жана жасалма интеллектти колдонуу маселелери талкууланат.