Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. 18-19-ноябрда Бишкектеги "Жаштык Арена" спорттук-концерттик комплексинде Asia Innovation Forum-2026 эл аралык форуму жана көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу форумдун уюштуруучуларынын бири Арсен Эдилбек уулу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, форум Борбор Азия жана Евразия өлкөлөрүндө инновацияларды, санариптик технологияларды жана санариптик экономиканы өнүктүрүүгө арналган.

"Ал мамлекеттик органдардын, бизнес өкүлдөрүнүн, инвесторлордун жана технологиялык компаниялардын ортосунда тажрыйба алмашуу, кызматташтыкты чыңдоо жана жаңы долбоорлорду ишке киргизүү үчүн эл аралык аянтча болмокчу", - деди ал.
Арсен Эдилбек уулунун айтымында, иш-чарага 3 миңден ашык катышуучу, 50дөн ашык баяндамачы жана конок келет. Ошондой эле онлайн көрсөтүүнү 50 миңден ашык адам көрүшү күтүлүүдө.
"Форумда жасалма интеллект, блокчейн, криптовалюта, финансы технологиялары, майнинг, киберкоопсуздук жана санариптик активдер боюнча маселелер талкууланат. Ошондой эле технологиялык компаниялардын көргөзмөсү, стартаптардын бет ачары жана инвесторлор менен жолугушуулар уюштурулат", - деди ал.