Жаңы темир жолдорду, аба майдандарын жана алыскы райондордо аэродромдорду куруу, жүргүнчү жана жүк ташуучу вагондорду жаңыртуу, трамвай каттамдарынын долбоорун түзүү жана велосипедге өткөн мамлекеттик кызматкерлерге дем берүү. Бул иштер алдыдагы 4 жыл ичинде аткарылышы керек. Атап айтканда, Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча улуттук программада өлкөнү аймактык хаб катары илгерилетүү тапшырмасы коюлган. "Кабар" агенттиги улуттук багыттама жана анын алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор туурасында маалымат берүүнү улантат.
Евразиянын чок ортосунда орун алган Кыргызстан транзиттик, соода, логистикалык жана финансылык агымдардын борборуна айланууну көздөп жатат. Бул жөн гана саясий дымак эмес, эң алды экономикалык зарылчылык. Өлкөнү аймактык хабга айлантуу аракети Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүү улуттук программасында белгиленген негизги төрт вектордун бири. Анын маанисин багыттамага кол коюп жатып президент Садыр Жапаров баса белгилеп өткөн.
"Кыргызстандын Кытай, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин, Борбор жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы геостратегиялык абалы негизги транзиттик аянтча жана логистикалык түйүн болууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Дүйнөлүк соодадагы тез трансформациялар, электрондук коммерциянын ролунун күчөшү жана жеткирүү маршруттарын диверсификациялоо өлкөнүн мындай позицияны ээлөө актуалдуулугун күчөтөт", — деген президент Садыр Жапаров.
Программа 2025-жылы бекитилген. Ага ылайык, беш жыл ичинде темир жол аркылуу жүк айланууну 15 млн тоннага, ички жана эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдүн агымын 7 млн адамга, кампалар жана логистикалык комплекстердин аянтын 1 млн чарчы метрге жеткирүү тапшырмасы коюлган. Ал эми республикалык унаа жолдордун 50 пайыздан кем эмеси курулуп, реконструкциялануусу зарыл.
Темир жолду өнүктүрүү
Кыргызстанды чөлкөмдүк хабга айландырууга ишеним берген долбоор "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан" темир жолунун курулушу экени маалым. 2030-жылга чейин курулуш аяктап, ишке берилүүсү керек. Каттам биздин өлкөнү Азия менен Европанын ортосундагы башкы транзиттик түйүнгө айландырат. Ошол эле убакта ага шайкеш келген ички Кочкор — Кара-Кече — Макмал жана Балыкчы — Чолпон-Ата темир жолдорун куруу тапшырмасы коюлган. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдиргендей, бүгүнкү күнү анын техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн жаңы гранттык келишим түзүү боюнча иштер жүргүзүлүп, тиешелүү техникалык тапшырма даярдалган. Ошондой эле инвестицияларды тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Ал эми Балыкчы — Кочкор темир жолу жана Кочкор станциясынын курулушу уланып жатат. Алдыда жүк ташуучу 100 вагон жана жүргүнчүлөр үчүн 30 вагон сатып алуу керек.

Эл аралык жана ички каттамдардын мүмкүнчүлүгүн арттыруу
Улуттук программада Кыргызстан — Кытай — Пакистан, Кыргызстан — Өзбекстан — Түркмөнстан — Россия, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан — Түркмөнстан — Иран жана башка транспорттук коридорлордун потенциалын ишке ашыруу планы бар. Ошондой эле Барскоон — Үчтурпан — Аксуу эл аралык унаа жолунун курулушу аякташы керек. Бул арада Түндүк — Түштүк магистралынын III фазасын (Балыкчы — Кара-Кече — Арал — Жалал-Абад) аяктап, жолго кеткен убакыт 3–5 саатка кыскаруусу зарыл.
"Эл аралык маанидеги Барскоон — Үчтурпан — Аксуу автожолун куруу иштерин уюштуруу долбоорун оптималдаштыруу жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Барскоон — Бедел автожолун курууга даярдыктар жүрүп жатат. Мындан сырткары, эл аралык транспорттук коридорлордун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча Кыргызстан аркылуу өтүүчү соода-транспорттук транзитти көбөйтүү маселелери боюнча эл аралык уюмдардын алкагында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө", — деп билдирди Транспорт жана коммуникациялар министрлиги.
Аба майдандарын кеңейтүү
2030-жылга чейин Жалал-Абад облусунда эл аралык аэропортту ачып, пайдаланууга берүү пландалууда. Бишкек, Ош жана Караколдун аэропорттору кеңейтилиши керек. Ал эми алыскы, тоолуу райондорго чакан аэродромдор курулат. Учкучсуз технологияларды өнүктүрүү жана жөнгө салуу иштери да бар.
Коомдук транспортту жакшыртуу
Улуттук программага ылайык, алдыдагы жылдары шаардык трамвай линияларынын долбоорун түзүү керек. Ошондой эле шаарларда жол жүрүү убактысын 25 пайызга кыскартуу каралган. Бул арада мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын велосипед менен жүрүүсүнө дем берүү, аларга бонус системасын киргизүү каралууда.
Логистикалык соода хабдарын түзүү
2030-жылга чейин өлкөдө 40 жаңы соода-логистикалык борбор куруу пландалууда. Алсак, Чүйдөгү Ивановка станциясында логистикалык борборду (кургак портту) куруп, ишке берүү каралган. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги учурда порттун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга багытталган иштер жүргүзүлгөнүн, эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуу маселелери каралып жатканын билдирди.

Ошондой эле Каракол, Токмок шаарларында жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда агрологистикалык борборлорду куруу, “Ак-Тилек – Карасуу” индустриялык соода логистикалык комплексинин курулушун аяктап, пайдаланууга берүү каралган. Мындан сырткары электрондук коммерция үчүн соода хабын түзүп, 500дөн кем эмес компанияны экспортко чыгаруу тапшырмасы коюлган.
Транзиттик долбоорлордун экономикалык жана социалдык мааниси
Эл аралык темир жолдордун курулушу, транспорттук коридорлордун толук кандуу колдонулуусу, деги эле логистикалык инфраструктуранын жолго коюлушу Борбор Азия экономикасын жаңы деңгээлге чыгарат. Экономист, талдоочу Саида Нариман калкы аз, өндүрүшү чектелүү жана тышкы соодадан көз каранды Кыргызстан үчүн транзиттик, логистикалык мүмкүнчүлүктөр бюджеттин реалдуу, туруктуу жана ири өлчөмдөгү киреше булагы экенин белгиледи.

"Логистикалык хабдардын түзүлүшү, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу Кыргызстан үчүн чоң экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Пайда бир гана жүк ташуудан түшкөн киреше менен чектелбейт. Темир жол жана логистика өнүксө, анын тегерегинде көптөгөн кошумча кызматтар пайда болот. Мисалы, кампалар, бажы брокерлери, транспорттук компаниялар, транспорттук тейлөө, коопсуздук, санарип кызматтары керектелет. Эң жөнөкөй тамак-аш, мейманкана сымал чакан бизнестер да өнүгөт.
Транзиттик чөйрө Кыргызстанда акырындап системага түшүп келе жаткан камсыздандыруу кызматтарын да талап кыларын эске алуу керек. Демек, миңдеген жаңы жумуш орундары түзүлүп, өзүн-өзү камсыздай ала турган жарандардын саны көбөйөт. Эң негизгиси, эл аралык транзит, жүк жана соода айлануусу Кыргызстандын салыктык базасын кеңейтет. Бул мүмкүнчүлүктөр өзүнөн-өзү иштеп кетпей турганын эске алуу зарыл. Жаңы мүмкүнчүлүктөргө, жаңы талаптарга ылайык, мамлекет тараптан так салыктык саясат, ыңгайлуу шарттар керек болот.
Ошондо транзиттик, логистикалык долбоорлор өлкөнүн экономикасын өстүргөн механизмге айланат. Мен дайыма айтып келем, салыктардын натыйжасы — жөнөкөй кыргызстандыктардын жашоосу. Бюджет көбөйсө, мугалимдердин, дарыгерлердин айлыгы көтөрүлөт. Жаңы мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, жолдор жана башка социалдык объекттер курулат. Ал эми эл аралык транзиттик каттамдар сымал ири долбоорлор бул иштерди эселеп жасоого мүмкүнчүлүк берет", — деди талдоочу Саида Нариман.