Экономикадагы жаңы баскыч: бюджетти 1 трлн сомдон ашырган саясат жана чечкиндүү реформалар

Аналитика Загрузка... 11 Декабрь 2025 17:15
03_1_OuHT64N.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Консолидацияланган (бириктирилген) бюджеттин рекорддук 1 триллион сомдон ашуусу, өлкө ичиндеги олуттуу чыгашаларга карабай, бюджет 10 миллиард сом профицит менен жабылды. Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев жарыялаган чоң суммалар эмнеден кабар берет жана Кыргызстандын экономикалык жана социалдык жашоосуна таасири кандай? Кайсы тармактар кирешелүү деп аталды? Коррупциядан кайтарылган, көмүскөдөн чыккан каражаттардын моралдык жана мыйзамдык салымы канчалык болду? Өлкөнүн өтүп бара жаткан жылдагы экономикалык маанайын “Кабар” агенттиги Финансы министрлигинин адистери жана экономисттер менен талдоого алды.

Бюджеттин көбөйүшү Кыргызстандын экономикасында туруктуулук, ырааттуулук жана көзөмөлдүн өкүм сүрө баштаганынан кабар берет. Эң алды экономикалык саясат, өзгөчө салык жана бажы системасындагы реформаларды жүргүзүү жана аткарууда бийликтин чечкиндүүлүгүн белгилей кетүү керек. Бул эки тармакта реформалар киргизиле баштаганда коомчулук да, ишкерлер да бүдөмүк ойдо калышканы маалым. Кыска убакытта бизнес чөйрөсү жаңы эрежелерге көнүп, алардын натыйжалуу иштегени байкалууда. Ошентип, салык жана бажы тутумундагы реформалар, анын ичинен фискалдык тартиптин күчтөлүшү жана мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейтилүүсү, коррупциянын көлөкөсүндө калган жана көмүскөгө айланган каражаттардын мамлекетке кайтарылышы, экономикага санариптик инструменттердин киргизилиши, көзөмөлдүн күчтөлүшү, ошондой эле сырттан инвестициялардын келиши Кыргызстандын консолидацияланган бюджетинин 1 триллион сомдон ашуусуна өбөлгө түздү.

“Бюджеттин көлөмү 1,1 триллион сомдон ашканын расмий түрдө жарыялайбыз жана 2025-жылы – триллиондук тарыхый чекти басканыбызды белгилейм. Бекитилген бюджет 708,8 млрд сом болчу, азыр – 381,7 млрд сомго өсүү же 153,8%га көбөйүшү менен жылды жыйынтыктаганы жатабыз. Киреше жана чыгашаларды эсептегенден кийин 10 млрд сомдон ашык профицит менен бул жылдан чыгабыз”,- деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев.

6936c4b03ffa1.jpg

Бюджеттин кирешелеринин негизги булактары

Консолидацияланган бюджетке республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, анын ичинен салыктык жана Улуттук банктын кирешелери сымал салыктык эмес кирешелер, мамлекеттик ишканалардын дивиденттери, Социалдык фонд менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кирешелери кирет. Финансы министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгынын орто мөөнөттүү саясат жана программалык бюджеттештирүү бөлүмүнүн башчысы Баястан Жүрсүнбековдун маалыматына таянсак, бул акчалар жаңы финансылык куралдарды, механизмдерди колдонуунун негизинде түшүп жатат.

WhatsApp Image 2025-12-11 at 15.44.55.jpeg
Мында консолидацияланган бюджеттин дээрлик 86%ын республикалык бюджет түзөт. Анын өзүнүн ресурстары олуттуу көбөйүп, бекитилген планга салыштырмалуу дээрлик 350,7 млрд сомго чейин өсүүдө. Өсүү бардык кирешелердин кеңейүүсү, салыктык кирешелердин пландан ашык аткарылуусу, салыктык эмес кирешелердин дээрлик 3 эсеге көбөйүүсү менен шартталат.
Салык демекчи, биз салыктык чендерди көбөйткөн жокпуз, салыктык базаны көбөйттүк. Бул айрым серепчилер айткандай, утурумдук бир жолку көбөйүү эмес, көмүскөдө айланган каражаттардын баары ачыкка чыгып, ошолор салык төлөп жатканынын белгиси. Буга санариптештирүү, ККМдин киргизилүүсү түрткү берди.
Мындан сырткары Социалдык фонд менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кирешелери дагы 9 млрд сомго чыкты”, - деп билдирди Баястан Жүрсүнбеков.

Салык тутумундагы реформанын натыйжасы

Бюджеттин кирешелеринин негизги булагы салыктар экенин экономист Искендер Шаршеев белгилейт. Анын пикиринде Кыргызстандын консолидацияланган бюджетинин 1 триллион сомдон ашуусу өлкө үчүн тарыхый окуя, ал реформалардын натыйжасын чагылдырат.

WhatsApp Image 2025-12-11 at 15.46.31.jpeg

Адис катары айтсам, салыктар жалпы кирешелердин 70-80%ын түзөт. Бирок анын ичинде санариптештирүү аркылуу салык жана чек арадагы кирешелер кескин көбөйгөн. Менин талдоомо ылайык, негизги топтолгон багыттар - салык адилеттүүлүгү жана автоматташтыруу системасы аркылуу кирешелер биринчи кварталда 84%га өскөн. Бул көмүскө экономиканы (ИДПнын 23%ы) ачыкка чыгарууга жардам берген.
ЕАЭБдеги интеграция жана инвестициялар агымы да (мисалы, IT жана энергетика тармагына) кирешелерди көбөйткөн”, - дейт Искендер Шаршеев.

Коррупциядан кайтарылган каражаттардын моралдык жана мыйзамдык мааниси

Консолидацияланган бюджеттин триллиондук чектен ашкандыгы Кыргызстандын экономикасы жаңы жана олуттуу этапка жеткенин экономист Кубан Чороев билдирди. Эксперт салыктык жана бажылык башкаруунун кескин жакшырышы бюджет үчүн көзгө көрүнөрлүк натыйжа алып келгенин айтат.

WhatsApp Image 2025-12-11 at 15.46.42.jpeg
“Көмүскө экономиканы легалдаштыруу аракети жана ККМ (контролдук-кассалык машина) сыяктуу санариптик инструменттерди киргизүү, бажыдагы контрабандага каршы күрөштү күчөтүү жана товар жүгүртүүнү көзөмөлдөө бюджеттин негизги киреше булактарынан болуп калды.
Ал эми коррупциядан кайтарылган жана мамлекеттик менчиктен түшкөн каражаттар жалпы триллион сомдун ичинде кичинекей үлүштү түзөт, бирок алардын моралдык жана мыйзамдык мааниси өтө чоң. Бул каражаттар айрыкча социалдык маанидеги объектилерди, атап айтканда, мектептерди, бала бакчаларды курууга багытталышы керек”, - деди Чороев.

Коррупциядан түшкөн каражаттардын мааниси боюнча экономисттер бир пикирде. Искендер Шаршеевдин баамында Коррупцияга каршы стратегия (2025-2030-жж.) жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштүн натыйжасында кайтарылган кирешелердин негизги таасири - коррупциянын алдын алуу аркылуу системалык жоготууларды азайтуу болуп саналат.

Финансы министрлиги укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнүн негизинде келип түшкөн каражаттар “Турукташтыруу фондуна” топтолуп жатканын эске салды.

10 млрд сом профицит – мамлекеттин кирешеси чыгашадан ашты

Бул финансылык туруктуулуктун жана сарамжалдуу башкаруунун белгиси. 10 млрд сомдук профицит мамлекетке тышкы карыздарды мөөнөтүнөн мурда төлөөгө же кризистик резервдерди топтоого мүмкүндүк берет”, - деген ойдо Кубан Чороев.

Каржы министрлиги да мурда алынган мамлекеттик карыздардын негизги суммасын төлөө убактысы жакынкы жылдарга дал келгенин эске алып, кошумча каражат карыздарды тейлөөгө да жумшаларын белгилейт.

Ал эми экономист Искендер Шаршеевдин пикиринде бюджеттин профицити инфляцияны көзөмөлдөөгө жана тышкы шокторго карата туруктуулукту камсыз кылат.

Бюджеттин көбөйүшүнүн өлкөнүн экономикалык, социалдык жашоосуна таасири

Бул көлөмдөгү бюджеттин эң чоң салымы – суу, жолдор, энергетика тармагы баштаган инфраструктуралык долбоорлорго, саламаттык сактоо, билим берүү сымал социалдык тармактарга каражат салуу мүмкүнчүлүгүн берет. Мындан тышкары, жакырчылыкты азайтуу, социалдык төлөмдөрдү, пенсия жана айлыктарды көбөйтүүгө шарт түзүлөт.

Ал эми экономикалык жактан кичи жана орто бизнести колдоо, атап айтканда, мамлекеттик банктардын уставдык капиталын көбөйтүү менен ишкерлерди төмөнкү пайыздык чендеги насыялар менен камсыздоого, өндүрүштү өнүктүрүп, экспортту көбөйтүүгө болот.

03_1_OuHT64N.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Алдыдагы чакырыктар

Серепчилер мамлекеттик кызматтарды санарипке өткөрүү аркылуу коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга басым жасоо керектигин белгилешет.

Финансы министрлиги өз кезегинде 2025-жыл Кыргызстан үчүн экономикалык жактан көтөрүңкү маанайда өткөнүн, ресурстар тарыхый чектен ашып, бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилген, туруктуу экономикалык өсүүгө жана элдин жашоо сапатын жакшыртууга багытталган жыл болгонун белгилейт. Ошол эле убакта мекемеге бюджетти майнаптуу жана натыйжалуу багыттоо, ар бир тыйындан пайда көрүү, салык төлөөчүлөргө каражаттын туура нукта жумшалып жатканын баса көрсөтүп туруу жоопкерчилиги жүктөлүп жатканын белгилейт.

Кундуз Азарбекова, Кыргыз улуттук "Кабар" маалмат агенттиги