Лукашенко: Экономика — заманбап дүйнөдөгү башкы курал

Дүйнө Загрузка... 18 Декабрь 2025 22:00
WhatsApp Image 2025-12-18 at 18.50.31.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.12.25 /Кабар/. Экономика бүгүнкү заманбап дүйнөдөгү эң негизги курал болуп саналат. Бул тууралуу Беларусь президенти Александр Лукашенко беларусь элине жана парламентке жасаган жылдык кайрылуусунда билдиргенин, БелТА агенттиги кабарлады.

Президенттин айтымында, алдыдагы жыйында өлкөнүн кийинки беш жылдык өнүгүүсүнүн негизги багыттары аныкталат. Өкмөт тарабынан даярдалган программанын долбоору менен таанышуудан мурда, документ аткарышы керек болгон негизги принциптерди эске салуу зарыл.

“Бул принциптер турмуштан алынган жана бүгүнкү күндө өтө актуалдуу. Баарынын негизи – экономика. Ал заманбап дүйнөдөгү башкы курал”,- деди өлкө башчысы.

Ал ошондой эле кийинки беш жылдыкка карата коюлган амбициялуу максаттарды ишке ашыруу үчүн бекем экономикалык база керек экенин белгиледи. Президенттин сөзүнө ылайык, жылдык ички дүң өнүмдү 100 миллиард долларга жеткирүү жана орточо айлык маянаны 1 миң доллар деңгээлине чыгаруу үчүн ишканалар менен каржы системасы туруктуу иштеши зарыл.