Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Солтон-Сары алтын өндүрүүчү комбинатында калдык сактоочу жай курулууда.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, бул жай комбинатты модернизациялоонун алкагында курулууда.
Министрликтин Нарын аймактык башкармалыгы тарабынан курулуш иштериндеги экологиялык талаптардын сакталышы боюнча кароо иштери жүргүзүлүп, экологиялык талаптарды одоно бузуу фактылары катталган жок.
Кызматкерлер тарабынан экологиялык талаптардын жана мыйзамдардын так сакталышы, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо башкы орунда экендиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Белгиленгендей, бул объект ишке ашырыла турган масштабдуу мамлекеттик программага киргизилген жана курулуш иштерин кабыл алуу 2026-жылдын август айына мерчемделген.