Алиев: Экологиялык стандарттар эл аралык талаптарга ылайыкташтырылууда

Коом 15 октябрь 2026 14:00
WhatsApp Image 2026-10-15 at 14.21.37.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-15 at 14.20.41.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-15 at 14.21.37.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-15 at 14.20.41.jpeg
Алдыга
Артка

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Жогорку Кеңеш экологиялык стандарттарды эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү жана заманбап, күчтүү улуттук укуктук базаны түзүү багытында иш алып барууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев судьялардын IV жылдык конференциясында билдирди.

Анын айтымында, бул багыттагы иштердин бири — парламент тарабынан кабыл алынып, президент кол койгон климаттык иш жөнүндө мыйзам. Ал 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Ошондой эле Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында биотүрдүүлүктү сактоо боюнча биргелешкен аракеттер планын жана эл аралык демилгелерди колдойт.

Алиев белгилегендей, климаттык өзгөрүүлөргө сезгич келген тоолуу өлкө үчүн жаратылышты коргоо, биотүрдүүлүктү сактоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу стратегиялык мааниге ээ. Бул экономиканын туруктуу өнүгүүсүнүн кепилдиги гана эмес, келечек муундардын алдындагы жоопкерчилик болуп саналат. Ал мыйзамдардын натыйжалуулугу алардын иш жүзүндө аткарылышына жана жарандардын экологиялык укуктарынын корголушуна байланыштуу экенин белгиледи.

"Мыйзам канчалык деталдуу жана так жазылбасын, анын чыныгы күчү иш жүзүндө колдонулганда гана көрүнөт. Кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышын жана жарандардын экологиялык укуктарынын корголушун камсыз кылган негизги кепилдик — бул сот системасы", — деди эл өкүлү.

Анын пикиринде, экологиялык сот адилеттиги судьялардан терең юридикалык билимди гана эмес, илимий, климаттык жана технологиялык процесстерди түшүнүүнү да талап кылат. Ошондуктан экологиялык талаш-тартыштар боюнча сот чечимдери негиздүү болуп, дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларга таянышы керек.

Мындан тышкары, депутат сот системасындагы көйгөйлөргө да токтолду. Ал айрыкча райондук деңгээлде кемчиликтер бар экенин, шайлоочулардан соттордун ишине байланыштуу көптөгөн кайрылуулар келип түшөрүн белгиледи.

"Тилекке каршы, сот процессинин катышуучуларына карата мыйзамсыз көрүнүштөр болгон учурлар бар, муну жашыра албайбыз. Ошол эле учурда башка тармактардагыдай эле судьялардын арасында да жакшысы да, начары да бар. Мыйзамды гана жетекчиликке алган принципиалдуу судьялар менен сыймыктанышыбыз керек", — деди ал.

Ошондой эле ал сот бийлиги бийликтин үч бутагынын ичинен өзгөчө жоопкерчиликтүү орунду ээлей турганын белгилеп, судья болуу ар бир процессте чоң жоопкерчиликти жана күчтү талап кыларын айтты.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарында "Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын (ТӨМ) контекстиндеги экологиялык сот адилеттиги: эл аралык экологиялык стандарттар жана Кыргыз Республикасынын улуттук мамилелери" темасында судьялардын IV жыл сайын өтүүчү конференциясы өтүүдө. Иш-чарага сот коомчулугунун, мамлекеттик органдардын, илимий чөйрөнүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышууда.