Экологиялык көзөмөл санарипке өтөт: Аймактык инспекторлор окутулууда

Коом Загрузка... 12 Июнь 2026 14:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Аймактардагы экология адистеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча масштабдуу окуу семинары башталды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, окутуунун башкы максаты аймактардагы экологиялык көзөмөлдү толугу менен санариптештирүү жана курчап турган чөйрөнү коргоого заманбап башкаруу ыкмаларын киргизүү болуп саналат.

Семинарда адистер автоматташтырылган маалыматтык системалар менен иштөө, электрондук төлөмдөрдү жүргүзүү жана маалыматтык коопсуздук, атмосфераны, сууну булгоо жана калдыктар үчүн төлөмдөрдү эсептөөнүн жаңы методикасы, мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүү жана жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүн пайдаланууга уруксат берүү тартибин үйрөнүшөт.

"Окутуу теория менен практиканы айкалыштырат. Катышуучулар күн сайын реалдуу учурлардын негизинде иштеп, жаңы санариптик программаларды колдонууну үйрөнүшөт", - деп айтылат маалыматта.

Министрликтен белгилешкендей, бул кадам аймактардагы экологиялык көзөмөлдүн сапатын жаңы деңгээлге чыгарып, өлкөдөгү экологиялык коопсуздукту натыйжалуу камсыздоого жол ачат.