Экология, тоо экосистемасын коргоо — адам жашоосунун өзөгү

Экология Загрузка... 07 Октябрь 2025 15:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында президент Садыр Жапаров “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Программа кеңири реформалар курсун улантуу жана жаңы глобалдык жана региондук чакырыктар шартында өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында бекитилген.

Программада айыл чарбадан тартып экономика, тышкы саясат, айлана-чөйрөнү коргоо, улуттук коопсуздук, мыйзамдуулук, өлкөнүн финансы рыногун өнүктүрүү, ишкердикти колдоо, жашыл энергетика, туризм, айлана-чөйрө, экология, адаптациялык чаралар жана башка өлкөнү өнүктүрүүнү шарттаган бардык тармактар камтылган.

Биз бүгүн аталган программада камтылган, акыркы жылдары Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзүндө олуттуу көйгөй катары айтылып келе жаткан айлана чөйрөнү, тоо-экосистемаларын коргоо, экология жана адаптациялоо чаралары тууралуу кеп кылабыз.

Мамлекеттин алдында турган милдеттердин бири, эл аралык милдеттенмелердин контекстинде да, улуттук саясатта да климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана кесепеттерин жумшартуу, табигый экосистемаларды, био ар түрдүүлүктү сактоо болуп саналат.

Биотүрдүүлүктү, суу ресурстарын жана табигый мурасты коргоо келечек муун үчүн уникалдуу тоо экосистемаларды сактоого мүмкүндүк берет.

Аталган программага ылайык, бул багыт боюнча экосистемаларды жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана калыбына келтирүү, экосистемалардын абалын баалоо, коркунучтарды аныктоо жана аларды коргоо боюнча стратегияларды иштеп чыгуу боюнча үзгүлтүксүз изилдөөлөрдү жүргүзүү, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жана токойлорду калыбына келтирүү, кеңейтүү негизги милдет катары белгиленген.

Президент Садыр Жапаров 24-сентябрда Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын климаттын өзгөрүшү боюнча атайын иш-чарасында Кыргызстан тоолуу өлкө катары, тоо экосистемасын сактоону бардык мамлекеттердин жалпы жоопкерчилиги деп эсептей турганын белгиледи.

553243246_1347657977368833_3449251680674604382_n.jpg

“Тоолор адамзатты азык-түлүк, биотүрдүүлүк жана энергия сыяктуу жашоо үчүн зарыл болгон экосистемалык кызматтар менен камсыздайт. Ал эми тоолордон башталган дарыялар эки миллиардга жакын адамдын жашоосуна шарт түзөт”, — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Ошону менен бирге президент тоолуу экосистемалар, анын ичинде мөңгүлөр, климаттын өзгөрүшүнүн кесепетинен барган сайын олуттуу терс таасирлерге дуушар болуп жатканына көңүл бурду.

Өлкө башчысы Кыргызстан тоолуу аймактардын жана климаттын көйгөйлөрүн чечүү үчүн кеңири эл аралык өнөктөштүккө бекем берилгендигин ырастап, өлкөлөрдү “Климат, тоолор жана мөңгүлөр тууралуу” декларацияга кошулууга жана Климаттын өзгөрүшү боюнча конвенциянын алкагындагы Тоолуу өлкөлөрдүн сүйлөшүү тобунун мүчөсү болууга чакырды.

Садыр Жапаров экологияны, жаратылышты, тоо-экосистемаларын коргоо боюнча өлкөнүн жарандарына дагы бир катар кайрылууларды жасаган. Ал жакында эле ички иштер менен жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлерине квадрацикл жана жол тандабас унаалар менен жайыт жерлерин тебелетип, тоо кыртыштарын бузгандарга чара көрүүнү күчөтүп, техникаларын конфискациялоону тапшырган.

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Бекжан Султангазиев "Кабар" агенттигине президенттин тапшырмасы менен укук бузгандарга чара көрүү үчүн атайын норма иштелип жатканын, тиешелүү мыйзам кабыл алынса экосистеманы бузгандарга катаал жазалар көрүлө баштай турганын билдирген.

WhatsApp_Image_2025-10-03_at_17.15.55.width-800.jpg

Ал ушул сыяктуу фактылар боюнча айып пулдар салынып, рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын кошумчалаган.

“Күн мурун эле биз оор жүк ташуучу унаага квадрациклдерди жүктөп алып, тоо тарапка бара жаткан айдоочуну кармап, бул ишке бөгөт койдук. Учурда буга тиешелүү баа берүү үчүн техникалар укук коргоо органдарына өткөрүп берилди. Мындан тышкары, жарандар жана туристтер арасында байма-бай түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат”, — дейт ал.

9ca80d18-c67a-44ff-be78-c67acb07dd41.jpg

Буга чейин эле президент Садыр Жапаров 2022-жылды Кыргызстанда Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялап, "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүн баштаган. Анын алкагында өлкөдө жыл сайын миллиондогон көчөттөр отургузулуп келет.

2.jpg

Бекжан Султангазиев 2025-жылы республика боюнча 8 миллиондон ашык көчөт отургузуу пландалганын белгиледи.

"Учурда өлкөнүн бардык аймагында жазында отургузулган көчөттөрдү тактоо боюнча интервенция иштери жүгүзүлүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата маалымат боюнча, жыл башынан бери 3 млн 527 миңден ашык көчөт отургузулду. Көчөттөрдүн өнүмдүүлүгү боюнча дагы жер-жерлерде текшерүү иштери жүргүзүлүп турат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой көчөттөр жаз жана күз айларында отургузулат. Азыр аймактарда жергиликтүү бийлик, токой чарбалары тарабынан кайрадан көчөт отургузуу иштери башталды. Бул иштер тоң түшкөнгө чейин уланат", — деди ал.

Эколог, "Экологиялык коопсуздук" коомдук бирикменин жетекчиси, "Кыргызстан жашыл альянс" ассоциациясынын мүчөсү Анара Султангазиева экология, тоо экосистемасын жана био ар түрдүүлүктү коргоо адамзаттын жашоосунун өзөгү экенин белгилейт.

WhatsApp Image 2025-10-07 at 15.05.14.jpeg

"Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан биздин болгон байлыгыбыз, жашоо сапатыбызга байланыштуу бардык ресурстар тоодо жайгашкан. Булар табигый ресурстар, токойлор, жаныбарлар, айыл чарба, мал чарбачылыгы, өсүмдүктөр жана эн башкысы суу ресурсу - мөңгүлөр. 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүү програмасында камтылган бул багыт келечек муундардын жашоосу үчүн кепилдик. Бул табигый байлыгыбызды сактап, экономиканы бекемдеп, улуттук коопсуздугубузду коргоого жардам бере турган маанилүү документ.

Буга чейин деле ушул сыяктуу программалар жана өнүгүү стратегиялар жазылып келген, бирок алар ишке ашырылбай, кагаз жүзүндө эле калып калчу. Азыр мамлекет бул тармакка өзгөчө көңүл буруп, жигердүү иштер аткарылып жатат. Бул программаны ишке ашыруу боюнча облустардан тартып, ар бир район, ар бир айыл өкмөткө чейин өздөрүнүн пландары болуш керек. Анан ошол пландардын ишке ашышын катуу көзөмөлгө алуу зарыл. Биздин экологияга байланыштуу ресурстар көбүнчө аймактарда жайгашканы менен ал жакта экологияны, тоо экосистемасын, жарытылышты коргоо жаатында иштер аксап келет. Буга жетекчилердин бат-баттан алмашкандыгы, жоопкерчиликтин жана кесипкөйлүктүн төмөндүгү себеп болгон. Ошондуктан айыл жерлеринде климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери, терс таасирлери тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу керек", — деген ал жаш муундарга экология сабактарын өтүп, табиятты коргоого үйрөтүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле ал экология экономика, айыл чарба жана туризм сыяктуу эле өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири экенин белгилеп, экология жана климаттын өзгөрүүсүнүн терс кесепеттерин алдын алууга тиешелүү көңүл буруунун маанилүүлүгүн кошумчалады.

Мындан тышкары, 2022-жылы БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында Кыргызстандын демилгеси менен "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү" деп аталган резолюция кабыл алынып, анын негизинде 2023-2027-жылдар "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы" деп жарыяланганын белгилей кетүү керек. Резолюция бир добуштан кабыл алынып, уюмга мүчө 109 мамлекет ага авторлош катары кошулган.

"Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгын" жарыялоо жөнүндөгү демилге президент Садыр Жапаровго таандык. Мамлекет башчысы аны 2022-жылдын сентябрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында жарыялаган.