Президент: Кыргызстан тоолуу өлкө катары, тоо экосистемасын сактоону бардык мамлекеттердин жалпы жоопкерчилиги деп эсептейт

Президент 25 Сентябрь 2025 09:30
553243246_1347657977368833_3449251680674604382_n (1).jpg
554653462_1347657984035499_1925957539661868499_n.jpg
552638817_1347658017368829_3200402575229881534_n.jpg
552205111_1347658080702156_8209912891363041068_n.jpg
552329036_1347658024035495_4789195143652628391_n.jpg
Алдыга
Артка
553243246_1347657977368833_3449251680674604382_n (1).jpg
554653462_1347657984035499_1925957539661868499_n.jpg
552638817_1347658017368829_3200402575229881534_n.jpg
552205111_1347658080702156_8209912891363041068_n.jpg
552329036_1347658024035495_4789195143652628391_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. “Кыргызстан тоолуу өлкө катары, тоо экосистемасын сактоону бардык мамлекеттердин жалпы жоопкерчилиги деп эсептейт”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 24-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын климаттын өзгөрүшү боюнча атайын иш-чарасында сөз сүйлөп жатып.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстан глобалдык климат боюнча күн тартибинин алкагында өз милдеттенмелерин так аткарууга умтуларын баса белгиледи.

Ал өлкөнүн климаттык милдеттенмелерин ишке ашырууда өткөн жумада Үчүнчү Улуттук деңгээлде аныкталган салым боюнча документ кабыл алганын белгилеп өттү. Анда парник газдарынын эмиссиясын кыскартуу жана адаптациялоо, анын ичинде суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, энергетикалык коопсуздукту бекемдөө, “жашыл” транспортту жана айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү боюнча чаралар каралган.

Садыр Жапаров Кыргызстан 2030-жылга карата адаттагыдай иш сценарийи боюнча эмиссиялардын деңгээлин 16%га, ал эми эл аралык колдоо болсо 44%га кыскартууну мерчемдеп жатканын өзгөчө белгиледи.

Президент бул максаттарды ишке ашыруу үчүн энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү, анын ичинде, гидроэнергетикалык станцияларды куруу боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатканын билдирди. Мисалы, коңшу өлкөлөр менен биргеликте аймактагы эң ири гидроэлектростанциялардын бири болгон “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча долбоор ишке ашырыла баштады.

Мамлекет башчысы мамлекеттик тышкы карызды конкреттүү “жашыл” долбоорлорго алмаштыруу аркылуу реструктуризациялоо мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Ал ошондой эле өлкөдө каражаттары экология жана туруктуу тоо өнүгүүсү тармагындагы долбоорлорго жумшала турган Климаттык трасттык фонд түзүлүп жатканын айтып берди.

Буга байланыштуу мамлекет башчысы инвесторлорду биздин "жашыл" долбоорлорубузга инвестиция салууга чакырды.

“Тоолор адамзатты азык-түлүк, биотүрдүүлүк жана энергия сыяктуу жашоо үчүн зарыл болгон экосистемалык кызматтар менен камсыздайт.
Ал эми тоолордон башталган дарыялар эки миллиардга жакын адамдын жашоосуна шарт түзөт”, - деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Ошону менен бирге президент тоолуу экосистемалар, анын ичинде мөңгүлөр, климаттын өзгөрүшүнүн кесепетинен барган сайын олуттуу терс таасирлерге дуушар болуп жатканына көңүл бурду.

Мындай учурда ал Кыргызстан тоолуу аймактардын жана климаттын көйгөйлөрүн чечүү үчүн кеңири эл аралык өнөктөштүккө бекем берилгендигин ырастады жана өлкөлөрдү “Климат, тоолор жана мөңгүлөр тууралуу” декларацияга кошулууга жана Климаттын өзгөрүшү боюнча конвенциянын алкагындагы Тоолуу өлкөлөрдүн сүйлөшүү тобунун мүчөсү болууга чакырды.

Жыйынтыгында Садыр Жапаров Кыргызстан тоо жана климат маселелери боюнча диалогду Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында улантууну кош колдоп колдой турганын билдирди. Ал ошондой эле тоо экосистемасын сактоо жана жалпы адамзаттын келечегин камсыз кылуу үчүн биргеликте глобалдык жылуулуктун алдын алышыбыз зарыл деп өзгөчө белгиледи.