Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо: Кырчын жайлоосунда рейд өттү

Экология Загрузка... 30 Май 2026 12:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы

Бишкек, 30.05.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда жаратылышты, жайыттарды жана биоресурстарды коргоо багытында рейддик иш-чара өттү. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирет.

Рейддин жүрүшүндө жайыт жерлерин ээнбаштык менен тепселеп, жер кыртышын бузган жарандар аныкталып, жайыт аймагынан чыгарылып, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлдү.

Мындан тышкары, Кызыл китепке кирген бүркүттү мыйзамсыз түрдө коммерциялык сүрөткө тартуу максатында пайдаланып жүргөн 3 жаран аныкталды. Ар бир факт боюнча Кыргыз Республикасынын административдик мыйзамдарынын негизинде протоколдор түзүлдү.

Ошондой эле рейд учурунда эндуро айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жайыттарды бузбоо, жаратылышка аяр мамиле кылуу жана белгиленген маршруттардан чыкпай жүрүү боюнча эскертүүлөр берилди.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жаратылышты коргоо жана мыйзам бузуулардын алдын алуу багытындагы рейддик иш-чаралар мындан ары да улантылат.