Эки өткөрмө бекеттин иши жанданып, кыргыз-тажик чек арасындагы туугандар көрүштү

Аймак 1115 13 Март 2025 16:00
484095121_1185662329593887_5484839476915375098_n.jpg
484506476_1185662706260516_1620830499744444614_n.jpg
484048503_1185662686260518_384941804508353197_n.jpg
484131344_1185662669593853_5010665560969969814_n.jpg
484445981_1185662622927191_8474518429471364239_n.jpg
483639109_1185662612927192_9099622771044386071_n.jpg
483581359_1185662562927197_4192154904989155473_n.jpg
484490201_1185662492927204_7352708694422598228_n.jpg
483558629_1185662499593870_5068032790121240626_n.jpg
484025156_1185662456260541_5055807247116024703_n.jpg
484027361_1185662382927215_4830858810275171518_n.jpg
484086219_1185662376260549_234449167448011252_n.jpg
484095121_1185662329593887_5484839476915375098_n.jpg
483753961_1185662256260561_5108756760619596671_n.jpg
484087754_1185662266260560_3848721963429048979_n.jpg
484083439_1185662162927237_1245290555605757136_n.jpg
483850177_1185662192927234_2145251858771361909_n.jpg
483950599_1185662166260570_472110060784431054_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon KABAR президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы эки өткөрмө бекеттин иши жанданып, төрт жылдан бери көрүшпөгөн кыргыз-тажик чек арасындагы туугандардын көрүшүүсүнө шарт түзүлдү.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүн Кыргызстан жана Тажикстан президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун видео байланыш аркылуу катышуусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында жайгашкан "Кайрагач" жана "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрмө пункттары кайра ачылды.

Жеринен иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана Тажикстандын Согди облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзода катышты.

Мамлекет башчылардын буйругунан кийин эки өлкөнүн тең шлагбаумдары көтөрүлдү.

Бул күнү туугандарын күтүп чек арага келген, төрт жылдан бери көрүшпөгөн кыргыз-тажик чек арасындагы туугандардын көрүшүүсүнө шарт түзүлдү. Ошондой эле бекеттен эки тарапка автоунаалар өттү.

Белгилей кетсек, "Кайрагач" жана "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналат жана эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы соода, экономикалык кызматташтык жана достук байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Иш-чара Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында өткөрүлдү.