Бишкек, 06.09.25. /Кабар/. Нарын районуна караштуу Нарын – Оруктам унаа жолунун 39-чакырымында жайгашкан Эки-Нарын көпүрөсүнүн курулушу күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иштерди “Бишкек-Темир” ЖЧКсы аткарып, ага “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасы да тартылган.
Бүгүнкү күндө:
- көпүрөнүн пайдубалы даярдалды,
- арматуралар орнотулду,
- бетон куюу жумуштары аяктады,
- учурда темир конструкцияларды чогултуу иштери жүрүүдө.
Министрлик белгилегендей, курулуш иштеринин ырааты сакталууда жана жумушчулар графикке ылайык аракеттенүүдө.
Эске салсак, 2025-жылдын 13-августунда көпүрө жараксыз абалга келип, каттам убактылуу жабылган. Азырынча тургундар Сары-Булак – Арчалы – Оруктам жолу аркылуу каттап жатышат.